Кибер куугунтук өспүрүмдөргө гана эмес бардык адамдардын менталдык, психологиялык ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Мунун татаалдыгы көп учурда байкалбай калгандыгында. Өспүрүм айтпаса жардам сурабаса куугунтукка алынып жатканын билүү кыйын. Психолог Зейне Кудайбергенова мындай учурда балага кантип жардам берүү керектигин айтып берет.
Эмне үчүн кибер куугунтук зомбулуктун түрүнө кирет?
-Бул виртуалдуу жашоодо болуп жаткандыктан аны реалдуу эмес деп эсептеген туура эмес. Анткени адамдардын ички дүйнөсүнө таасирин тийгизет. Мунун эң негизги мүнөздөмөсү системалык түрдө кайра-кайра кайталынып тургандыгында. Өнүккөн өлкөлөрдө бул тууралуу изилдөөлөрдү жүргузгөн, 11-24 жашка чейинкилер арасында 20% кибер куугунтукка туш болгонун (жапа чеккенин) айтып беришкен. Бул көрсөткүч башка өлкөлөрдө андан дагы жаман болушу мүмкүн.
Бул коомдун бардык катмарларына тиешелүү маселе. Замандын жаңы талабы интернет менен тыгыз жашап жатабыз. Ошондуктан бул интернетте болуп жаткан зомбулукту түшүнгөндү, аны көзөмөлдөөнү жана ага ылайык түрдүү шаймандардын болушу өтө маанилүү.
Кибер куугунтуктун 8 түрү белгилүү:
1- Ооз эки же сөздөр менен зомбулук көрсөтүү. Мисал үчүн ушактарды таратуу, коркутуу, ооз эки чабуул жаман сөздөрдү айтуу менен адамга зыян келтирүү.
2- Коллективдик — психологиялык куугунтуктун бир топ адам тарабынан келген зомбулук. Мында адамдардын тобу жалгыз адамды кодулашат.
3- Башка бирөөнүн атын жамынып алып интернет аркылуу анын атынан жаман иштерди кылкуу.
4- Адамдын аккаунтундагы маалыматтарды уурдап алып, аларды интернетте жайылтуу.
5- Телефон чалуу аркылуу тамашаламыш болуп же маскаралоо.
6- Ушак (калп, божомолдоолор, чындыкка жакын бирок жеке) маалыматтарды таратуу.
7- Интернеттеги видеолорго адамдын сүрөтүн кесип алып таратуу, сүрөттү өзгөртүп же туура эмес мааниде пайдалануу.
8- Аңдуу, артынан түшүү (кайра-кайра жазып, коркутуу, тийишүү, чалып тынчын алуу).
Кибер куугунтуука кабылган балдар арасында суицид 5 эсе көп болот.
Эмне үчүн өспүрүмдөр арасында кибер куугунтук коркунучтуу?
— Чоң адамдар мындай кырдаалга туш болсо өзүн коргогонго күчү жетет, көбүнчө учурда. Жардам сурап болобу айтор өзүн коргоонун бир жолун таба алат деп эсептейбиз. Ал эми өспүрүмдөрдүн мүнөзү толук калыптана элек, психикалык нервдик системасы туруктуу боло электе, алардын өзүнө өзү баалоосу туруктуу боло элек же өзүн кабыл алганды жакшы билбей жаткан мезгилинде мындай зомбулукка чыдабашы мүмкүн. Кээ бир изилдөөлөрдө кибер куугунтукка кабылган балдар арасында суицид 5 эсе көп болору белгилүү болгон. Ошондуктан бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Дагы бир коркунучтуу жагы биз башка зомбулукту көз менен көрүп токтото алсак, виртуалдуу жашоодогу болуп жаткан зомбулукту көрүү эч эле мүмкүн эмес.
Кадимки жашоодо өспүрүм зомбулукка туш болуп калса, андан качып же кетип кала алат. Кибер куугунтукка кабылган болсо, телефон аркылуу ал ар дайым жанында кайда барса ээрчип тургандай. Ар бир адам кибер куугунттукка барышы мүмкүн себеби виртуалдык жашоодо болуп жаткандыктан жазалоо жок деген сезим үстөмдүк кылат. Өспүрүмдөрдүн арасында кибер куугунтук классташтар, же бир мектепте окуган балдар тарабынан да келиши мүмкүн.
Кибер куугунтукка кабылган бала кийин дагы анын курмандыгы болот же өз жеке чектерин башкалар сыйлабаган тажырыйбасы болгондуктан, жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарга жолугат, жашоодо (интернетте эмес) мыкаачы адамдарды өзүнө тартат. Башкача багытта да өзгөрүшү мүмкүн, тескерисинче бул адам өзү башкаларга мындай зомбулукту көрсөтөт (мыкаачылык нормалдуу деп эсептейт).
Ар бир өлкө бул маселе менен ар түрдүү ыкмалар аркылуу чечип жатышат. Мисалы: Японияда суцид көп болгондуктан кибер куугунтук кылгандар үчүн жазалар күчтүү. Мен иштеп жаткан Францияда дагы күрөшүү үчүн түрдүү иш-чаралар бар. Мага өзгөчө ата-энелердин демилгеси менен түзүлгөн ыктыярчылар тобунунун кылган аракаттери абдан жагат. Алар кибер куугунтукка кабылгандарга моралдык, юридикалык жактан колдоо көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мамлекет дагы жыл сайын кибер куугунтукка каршы көп иштерди жасап жатышат. Мисалы: кибер куугунтук боюнча жардам берген өзүнчө органдар бар, аларга жазса же телефон чалса болот.
Кибер куугунттук адамды басынтыш үчүн же психологиялык жактан анын үстүнөн үстөмдүк кылуу үчүн жиберилет.
Ошондой зомбулукка барып жаткан балдарда түрдүү максаттар болушу мүмкүн, кээде аны түшүнбөй деле өздөрүндөгү стрессти чыгаруу үчүн же өздөрүнүн топтогу статусун жогорулатуу үчүн, топтон чыгып калуу коркунучунан, топко кирүү максатынан бул кадамга барышы мүмкүн.
Кибер куугунтук канчалык узак убакытка созулса, бул ага кабылган баланын кыйналуусу дагы ошончолук орчундуу болот. Өзүнө болгон ишеними төмөндөп, эч нерсеге көңүлү келбей, тынчсызданып, жабылып, депрессияга туш болушу мүмкүн.
Өспүрүмдөргө кеңеш:
— Сизге виртуалдык жашоодо кимдир бирөө тынчыңызды алып жатса ага жооп бербеңиз(аны блоктоп же достугуңуздан өчүрүп салыңыз). Бирок, куугунтуктаган адамдын сөздөрүн, жазган каттарын, аудиолорду телефонуңуздан өчүрбөңүз, сактап калыңыз. Ал маалыматтар сизди коргойт, өчүрүү сизди коргобойт. Аккаунтун блоктоңуз, маалыматты сактаңыз.
— Социалдык тармактардан чыгып кетсеңиз болот. Башка бир кызыккан нерселериңиз менен алек болууга аракет кылсаңыз.
— Бул туурасында сөзсүз башкаларга айтыңыз (балким ата-энеңизге, мугалим, досторуңузга же жакындарыңга). Жалгыз калбаңыз.
— Эч ким сизге физикалык жактан гана эмес моралдык жактан дагы зыян келтиргенге, басынтканга, маскаралаганга акысы жок экенин билиңиз. Сиз сыйга жана жылуу мамилеге татыктуусуз.
— Интернет аркылуу сизге тийишип жаткан адмага эч качан ишенбеңиз. Мисалы: ал сизге жаман адам экениңизди же келбетиңизде кемчиликтерди айтып жатса ишенип, күмөн санап, анын оюна кошулуп, өзүнүздү күнөөлү сезбеңиз.
-Эгер эмоционалдык жактан абдан кыйналып жатсаңыз, бирок ата-энеңизге айткандан коркуп жатсаңыз, балким ишенимдүү башка чоң киши бардыр (мугалим, мектептеги психолог, туугандар). Жардам сурагандан тартынбаңыз.
Ата-энелерге кеңеш:
-Балдарга телефонду канча жашта алып бердиңиз? Интернет коюп бердиңиз? Ошол учурда коркунучтар жөнүндө да маалымат бериңиз. (Европада социалдык тармактарда аккаунт ачуу 13 жашта башталат, 16 жашка чейин ата-энесинин уруксаты менен).
— Ата-энелер буга олуттуу мамиле жасаш керек. “Телефондо эле болуп жатпайбы чыныгы жашоодо эмес” деп анын маанисин кичирейтпей, бул балдардын психологиясына көп таасир этерин жакшылап түшүнүңүз. Анткени, өспүрүм өзүнүн жашындагы балдардын тобунан чыгып калуудан коркот.
— Балаңыз менен жакын мамилени ар дайым сактап, баарлашып туруңуз. Ал өзүндө эмне болуп жатканын сизге каалаган учурда айта алгандай болуш керек. Мурда баарлашуу жок болсо кибер куугунтукка кабылган бала сизге ал тууралуу айтпайт.
— Балаңыз мурда телефонду көп колдонуп азыр алыстап калган болсо, эмне үчүн андай болуп жатканына кызыгыңыз. Балким ал жактан куугунтукка туш болуп, качып жаткандыр.
— Баланы жалгыз калтырбай кандай болсо дагы ал тарапта экениңизди билдирип, дайыма колдоп турарыңызды ишендириңиз. Балаңызды күнөөлөп же урушпаңыз.
Мисалы: ким куугунтуктап жатканын билүүгө, социалдык уюлдарга арыз жазып, куугунтуктаган кат же аудиолорду чогултуп милицияга кайрылсаңыз болот. Эгерде классташтар болсо, мектептин директоруна барыңыз, ошол балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүнү талап кылыңыз.
-Балаңыз кибер куугунтукта калып, жаңы гана алардан коргонгон болсо, балким балаңызда психологго барып жардам алуу муктаждыгы бар.
Мугалимге кеңеш:
— Биринчиден мугалим өзү бул сыяктуу мисал бербеши керек: башкаларды басынтып сүйлөп, сөгүп, урушуп.
— Эгер класста окуучуларда мындай көрүнүш болуп жатса дароо кийлигишишиңиз керек. Кордолуп жаткан баланы сөз менен болсо дагы колдоңуз. Эмне туура эмне туура эмес экенин айтыңыз.
— Эгерде сыртынан караганда зомбулук жок бирок бир нерсе болуп жатканын сезсеңиз, окуучунун сырткы көрүшүнүнөн байкоо салсаңыз болот. Мисалы жакшы окуган бала сабакка көңүлү бурбай калса же шайыр окуучу түнт болуп кетсе анда балким кибер куугунтукка алынып жатышы мүмкүн.
Ал бала менен маек курууга аракет кылсаңыз болот, жардам керек болсо, жалгыз калбоо керек экенин эскертип, ишенимдүү мамиле болсо, балдар ата-энесине айта албай, кыйналып жатса, балким сизге айтат.
Кибер куугунтуктан өспүрүм балдарды коргоого баарыбыз салым кошушубуз керек. Мамлекеттен баштап жөнөкөй жарандарга чейин бул маселеге көңүл буруу, билим алуу, маалымат таратуу, тарбиялык иштерди жүргүзүү, закондорду тактоо, психологдорду даярдоо зарыл.
Психолог: Инстаграмдан бирөөнү туурап «идеалдуу» болом деп, өзүңүздү жоготуп албаңыз
Психологиялык зомбулуктун 25 белгиси
Психолог: Маселе менен күрөшүү эмес, кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек
Айгерим Кубатбекова