
Ата — энелер жамааты
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков «Жашыл Кыргызстан!» деген ураан менен өлкөбүздү жашылдандырууга чакырган зор иш — чараны баштады.
Нуржигит Кадырбековдун «Бак тигүү — бир жылда бир келчү шанс. Пайдаланып кал, тууганым.
Бир жылда бир көчөт экпесең, бакпасаң, көгөртпөсөң — абада учкан куштай артыңда из калтырбай кеткен болосуң.
Көчөт көгөртүп абаны тазарт, куштарды кубантып, адамдардын ак батасын ал.
Бир адамдан — бир көчөт. Өзүң үчүн эк. Эмгектенген балаң үчүн эк. Өмгөктөгөн бабаң үчүн эк.
Куюн учкан талааң үчүн эк. Мекен биздики. Аманат биздики. Кайдыгер караба. Таз талаалар гүл бак болсун. Көчөт эк! Бак тик! Ушул ишке башкаларды да чакыр! Анан соолутпай көгөрт. Өлкөнү жашарт, жашылдант мекендешим» деген жөрөлгөсүн утурлай Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы ортомектеби «Бир адамдан бир көчөт» иш — чарасын да уюштуруп көчөт отургузушту.
Мектептин директору Гульазар Муонбаева, окуу — тарбия бөлүм башчысы жана тарбия бөлүм башчысы, класс жетекчилердин көзөмөлү менен 1 – класстан 11 – класска чейинки окуучулар катышышты. Ар бир класска өзүнө тиешелүү жерлер бөлүнүп берилди. 1 – класстан 4 – класска чейинки окуучулар петуня гүлүнөн 105 даана, 5 – класстан 9 — класска чейинки окуучулар роза гүлүн көчөтүн 110 даана, 10 — 11 — класстар 20 даана теректи ата — энелердин демөөрчүлүгү аркасында олтургузушту.

Окуучулар көчөт отургузууда
Новое айылынын тургуну өз питомнигинен алма көчөтүн 200 даана берип, алма көчөтү мектептин айланасына жана Исмаил айылына утурлай кеткен жолдун жээгине 8 — класстан 11 — класска чейинки окуучулар мектептин чарба кызматкери менен биргеликте олтургузушту.
1 – класстын окуучулары кичине болгондугуна байланыштуу ата – энелер өздөрү келип гүлдөрдү отургузуп беришип кетишти.
Ал эми 2 – класстан 4 – класска чейин класс жетекчилери окуучулары менен өздөрү гүлдөрдү отургузушту.
5 – класстан 11 – класска чейин класс жетекчилери менен окуучулар гүлдөрдү жана бактарды отургузуп, анан бактарды актап көркүнө чыгарышты.
Мектептин айланасы абдан кооз, таза көз жоосун алган, көздү сүйүнткөн абалда болуп калды. Көчөт көгөрсө аба дайыма таза болуп турат деген ишеним менен ата — энелерге терең ыраазылык билдиребиз.

Энелер отургузган гүлдөр
Аида Раджабова, Айдай Джолчубекова