Замандын талабына жараша акча табуунун ар кандай жолдору да өнүгүп, суроо-талап өзгөрүп турган маалда бизнес жүргүзүү үчүн керектүү адистердин жетишсиздиги рынок экономикасында байкалып келет. Кыргызстанда жайгашкан Орто Азия боюнча эң чоң соода-сатыктын борбору болгон Дордой базарда чет жактан келген кардарларга дүңүнөн товарларды алууга жардам берип, киреше тапса болот. Бүгүнкү каарманыбыздын бул иш менен кантип миллиондук келишимдерге чейин жеткенин чогуу билели.
«Үйдө отурган айымдар билет болуш керек, декрет деген кандай экенин, декреттен кийин жумушка чыккан кандай экенин. Балдарым чоңоюп, иштейин деп чечтим. Диплом чаң басып жатат. Эч жерде стажым жок. Анан кайда барып иштесем деп, маалымат чогултуп баштадым. Азыр аябай популярдуу онлайн жумуштар бар экен. Бир социалдык баракчадан маалымат көрүп калдым. Изденген киши табат дейт эмеспи. Дордойдо бизнес жөнүндө кызыгып, издеп баштадым. Аябай анализдедим,конкуренция көп экен. Аракет кылып көрөйүн дедим. Күйөөмдүн тамак-ашка, кийим-кечеге деп берген акчадан кичинеден чогулта баштадым. Магазинге барып, сдачасын алып келип, окууга бардым. 16 миңге окугам. 2 айдай күнүгө Дордойго барам, бизди окуткандай, ал жердин атмосферасын көрүп, биле баштадым. Күндө Кара-Балтадан бери балдарды мектепке, бала бакчага жиберип коюп келем. Акчам деле аз, тамак алгандан да кызганам дагы суу ичип эле жүрө берчүмүн. Күн суук болобу, ысык болобу,айтор 2 ай ушинтип жүрдүм.Бирок токтоткон жокмун. Бара бердим.Анан бир күнү биринчи кардарым чыгып калды.Бактылуу болуп Дордойго учуп бардым.
Товарларын таап берип, аны тейлеп бердим. Кардар абдан ыраазы болду. Үйгө 15 миң сом таап келдим. 150 миң сом тапкандай учуп келдим. Балдарыма тамак-аш алып, өзүмө бир нерсе алып, күйөөмө келип айтып, ал менин бетимен өөп, “сен кыйынсың” деп күйөөмдүн да жардамы болду. Анан клиенттер көбөйүп, жетишпей калып, жолдошума мага жардам берип кой деп айтып жаттым. Ал макул болуп жардам бере баштады. Өзүмдүн тырышчаактыгым менен, ачка, ток болуп, биринчи, жумушту бүтүрүп, берилип иштегеним менен ийгиликтерге жетиштим деп ойлойм. Албетте, кыйынчылыктар болуп жатты. Кардарлар менен жакшы иштешкенге аракет кылчумун. Алар бири-бирине мени сунуштап, чоң-чоң заказдар келе баштады. Миллион сомдук заказдарды алып баштадым. Башында коркуп жүрчүмүн. Сумкама салсам, ары-бери карап, алаңдап жүрсөм, азыр болсо, жеңил болуп калды.
Азыр кичүү балам 3 жашта. Улуусу кичүүсүн карап, кайын-журтум, ата-энем жардам берет. Соцтармактарда өзүңдү таанытыш үчүн сүйлөп, видео тартыш керек болчу. Аны көргөндөр ар кандай сөздөрдү айтышты. “Блогер” болуп калыпсың го деп.
Айымдарга айта кетерим, аракет кылыш керек. Бир жерден болбой калса деле,изденип туруш керек. Биз менен окуган кыздардын көбү иштей алган жок.Айымдарга айтарым, өзүңөргө жаккан иш тапсаңар, ошол жакка аракет кыла бергиле».
Венера Шонкоева