2023-жылдын 26-августунда “Супара” этно-комплексинде Чуй облусунун “Аялдар комитети” тарабынан уюштурлган “Аялдар клубунун” бет ачары болуп, “Кызыктуу адамдар” рубрикасынын алкагында “Жан дүйнө сырлары” аттуу ишкер аялдар менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун катышуучулары
Жолугушууга Кыргызстандагы КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Рыскулова Айгуль, Финляндиялык метод менен иштеген “Саншайн” бала бакчасынын негиздөөчүсү, “Курак” бизнесмен аялдар форумунун Башкармалыгынын мүчөсү Байтикова Маргарита, ишкер, экология кыймылы боюнча активист, жаштар боюнча долбоорлордун координатору Анастасия Кутепова, экономика илимдеринин кандидаты, психолог Назира Эсеналиева, астропсихолог, педагогика илимдеринин доктору Иренчиева Гульнура, психолог, онлайн консультант, ишкер Нуржан Алыпсатарова келип, өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн ийгиликтери жөнүндө тааныштырып, суроолорго жооп берип, жакшы маанайдагы баарлашуу болду.
Кант шаарынын “Аялдар клубунун” биринчи жолугушуусу ушундай тартип өткөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кант шаарынын № 2 мектеби менен биргеликте жаш өспүрүмдөр үчүн экология багытында мастер класс өткөрүү жана жыгач, темир боюнча скульптура жасоо, жаштарга үйрөтүү боюнча долбоорлор улантылат.
Андан тышкары “Аялдар клубунун” кийинки жолугушуудагы темалары аныкталып, алдыга максаттар коюлуп, жыйынтыкталды.
Венера Шонкоева