Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Үч-Коргондо жеңиштин 70 жылдыгына даярдыктар көрүлүүдө

Үч-Коргон айылында улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата борбордук аянтта оңдоп-түзөө иштери башталды. Үч-Коргондун борбордук аянтындагы 1941-1945 жылдардагы курман болгон баатырлардын жаркын элесине орнотулган эстеликтерди кайрадан оңдоо иштери жүрүп жаткан учуру.

3 Май 2015 жыл 14:09

Үч-Коргон: Тынчтыкты куруу боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу болду

Отчеттук жолугушууда бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелер каралды. Чек ара маселеси, диний экстремизм, жаштар арасында бири–бири менен болгон мамилелер боюнча талкуу болуп, анализденди.

3 Май 2015 жыл 13:46

Куланак: Баккан эмгегине ВПООНдон май менен ун 2 жыл берилет.

Январь айынан бери ВПООНдун проектиси менен Нарындан 2 айыл тандалып, анын бирөө Учкун айыл өкмөтү.Иш чаранын максаты аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана айлана чөйрөнү жашылдандыруу, мөмө жемиш  бактарынын көчөттөрүн …

2 Май 2015 жыл 17:12

Куланак:Медиктердин биринчи жардамчысы болуп келген А.Д.К

Айылдык  Ден соолук Комитеттери-Нарын райондук үй- бүлөлүк медициналык борборунун астында 2008-жылы түзүлгөн. 2008-жылдан бери айыл тургундарын көптөгөн маалымат менен камсыз кылышып эмгектенип келишет. Область боюнча 1700,Нарын району боюнча 58 А.Д.Комитети …

2 Май 2015 жыл 16:48

Ардаргерлер эч качан унутулбайт

Куланак айылынын 90 жаштагы оруктун ардагери Чачыкей апа, согуш мезгилин эч качан унутпайт.Азыркы убакка чейин балдарын мандайына отургузуп алып,откон окуяларды дайым жадабай айтканы айткан. Чачыкекй апанын айтымында”Согуш башталган кезде,биз 8-класста …

2 Май 2015 жыл 15:59

Согуш ардагерлеринин үйүнө балатылар отургузулду

Баетов айыл аймагында көрктөндүрүү-жашылдандыруу максатындагы эки айлыктын жүрүшү менен тал-терек жана карагайлардын жаш көчөттөрү алынып келинди. Айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери карагайларды согуштун жана тылдын ардагерлеринин үйлөрүнө отургузуп беришти.

1 Май 2015 жыл 22:21

Карындашын көп жылдар бою күткөн токтояндык Бекбоо карыя

Токтоян айылынын тургуну Бекбоо Абдылдаев согуш жылдарында жоголуп кеткен карындашын издеп келет. Карындашы Украинадан дайынсыз жок болуп кеткен.

1 Май 2015 жыл 17:59

Окуучулар ардагерлер менен жолугушту

Баетов айылында учурда Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагери бар. Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучулары согуш ардагери Батырбеков Акий карыя менен жолугушту.

1 Май 2015 жыл 15:49

Сынакта калыстык болбоду

Жаш инспекторлордун облустук сынагына Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор районунан жана Нарын шаарынан жалпы 6 команда катышты. Ак-Талаадан ЮИДД командасы катышып келди.

1 Май 2015 жыл 15:44

Тасмада иттерге ветеринардык күбөлүк берилүүдө

Маданияттын өсүүсү адамдарга эле эмес үй жаныбарларына да таасирин тийгизүүдө. Иттерге эмне үчүн күбөлүк берилип аткандыгы туралуу ветеринар Ибраев Турус кенениреек айтып берди.

30 Апрель 2015 жыл 17:52

Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген

ЮНИСЕФтин каржылоосу менен «окуучуларды суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиенага жакшыртылган мүмкүнчүлүк алуу» долбоорунун кызматкери Иманбеков Тилек төмөндөгүлөрдү айтып берди.

29 Апрель 2015 жыл 17:47

АРИС Сүлүктүгө жардам колун сунду

АРИС тин шаарларды колдоо долбоору Сүлүктү шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн инвестициялоо долбоору башталды. Бул боюнча шаардын I вице-мэри Б. Ташев билдирди. Кененирээ маалыматты кийинчерээк жарыялайбыз. Кабарчы:     Анварбек  Тухтаров

29 Апрель 2015 жыл 10:56

Караколка: «Жер-Эне» күнүнүнө арналган иш чара болуп өттү

Биринчи жолу «Жер күнү», 1970-жылдын 22-апрелде АКШда белгиленген. Салтка ылайык бул күнү каалаган адамдар көчөлөрдү тазалап,бак отургузушкан. Майрам тууралуу чечим 2009-жылдын 22-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 63-сессиясында кабыл алынган. 2010-жылдан тартып …

28 Апрель 2015 жыл 19:08

Тасмада жеңиштин 70 жылдыгына карата кызуу даярдыктар жүрүүдө

Быйыл Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата жер-жерлерде кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Тасма айылын «Жеңиш паркында» жайгашкан Улуу жеңиштин урматына курулган эстелик 1987- жылы,  курулган. Ошондон бери оңдоп түзөө иштери жүргүзүлгөн …

28 Апрель 2015 жыл 17:40

Тасмада көп балалуу Динара Артыкбаева жардамга муктаж

Тасма айылында көп балалуу Динара Артыкбаева учурда сегиз баланын энеси, эң улуу баласы 17 жашта. Бул үй-бүлө акча каражатына муктаж, жөлөк пул алса дагы аз, эч нерсеге жетпейт. 8 баланын …

28 Апрель 2015 жыл 17:31

Тасмада «Ысык-Көлүм» ыйык мурасым акциясы жүрүүдө

Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде жаздын келиши менен «Ысык-Көлүм» ыйык мурасым аттуу 3 айлык жүрүүдө. Бул айда окуучулар  айлана чөйрөнү тазалашып, жогорку класстар бак дарактарды кыйыштырып, мектеп аянты тазаланууда.

28 Апрель 2015 жыл 17:26

Токтояндык депутат айым Америкадагы сессияга катышып келди

Айылдагы депутат айым Динара Бейшембиева Американын Нью Йорк шаарында болуп өткөн сессияга катышып келди. Ал сессия «ГЕНдер» жөнүндө болду. Ал семинар ООНдун штабында болуп, Кыргызстан боюнча 9 аял баргандыгын төмөндөгүчө …

28 Апрель 2015 жыл 11:24

Сары-Булун: 23- апрель Китеп куну белгиленди.

Тогуз-Торо  районуна  караштуу  Т.Сатыбалдиев  атындагы  Кара-Суу  орто  мектебинде   «Китепти суй,  барктай бил!»   атту кече  болуп отту.

26 Апрель 2015 жыл 23:22

Үч-Коргон: Исфайрам суусунун жээгиндеги чайканалар быйылкы сезонго даярданууда

Исфайрам жээгинде жайгашкан чайканалардын ээлери  эс алуучулар үчүн өткөн жылдарга салыштырмалуу бул жылы  жакшы шарттарды жаратканга аракеттенишүүдө.

26 Апрель 2015 жыл 21:46

Жаш окумуштуу А. Абдираимов илимге жаңылык киргизип жатат.

И.  Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин доценти, техника илимдеринин кандидаты Абдираимов Абдусамат Акматович өзүнүн докторлук илимий ишинин үстүндө иштеп жатып машинелердин жана механизмдердин назарияты (теория механизмов и машин) тармагында …

26 Апрель 2015 жыл 15:23

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...