Индира Темирканова 2016-жылы “Келин на час” конокторду тозуп узатуучу кызмат көрсөтүүчү компаниясын негиздеген. Бул ишти ал эч каржылык салымы жок баштаган. Кийинчерээк башкаларга бизнес баштоону үйрөтүп, бизнес тренерликти колго алган.
“Идея өзүмө керектүү болгон үчүн баштап, кийин тааныштарыма, кесиптештериме ушундай кызмат көрсөтөйүн деп айтсам, мага дагы керек дей башташты. Көрсө бул кызмат көп адамдарга керек экен.Биздин компанияда 18 кызматкер иштейт. Анын ичинде: ашпозчу, идиш жуугучтар, официанттар бар.15тен 150 адамга чейинки тойлорго барып, кызмат көрсөтүшөт жана идиштерди ижарага беребиз.”
Индира Темирканова «Келин на час» компаниясынын негиздөөчүсү
Бизнести баштоодо болгон кыйынчылыктар
Бул бизнес биздин рынокто жаңы болгондуктан, тажрыйба жоктугуна байланыштуу маркетингди кандай жүргүзүш керек, бизнести кандай уюштуруш керек, каржыны кандай бөлүштүрүш керек,команда менен кантип иштеш керек, кандай процесстер бар экенин билген эмеспиз.
Бизнести өнүктүрүүдөгү жакшы жактары
Бейөкмөт уюмдардын алкагындагы ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча программаларга катышып калып, жакшы жардам болгон. Уюмдарга кат жазып, эксперттик колдоо сурап, каржылоо маселелери менен кайрылганыбыз, баштапкы өнүгүүгө түрткү болгон. “Ишмердүүлүктү өнүктүрүү” уюму өткөргөн долбоорго катышып, 200 миң сом насыя алууга мүмкүнчүлүк алгам жана акселерациялык программалардан өтүп, жоопкерчилиги чектелген уюм түзүп, эки миллиондук инвестиция тартканбыз.
Эмне үчүн “Келин на час”?
“Келин на час” деген аталыш жалпы коомго чоң резонанс жараткан, бул бренддин аталышы эки түзүмдөн турат “келин” жана “на час”. Буга чейин “Муж на час” кызматы бар эле, ошого окшоштурдук, анткени маркетингде бренддин аталышы биринчи ирээт компания эмне менен алек болорун айтып туруш керек.
Бизнес баштоо боюнча тажрыйба бөлүшүүгө кошкон салымым
Жалал-Абад областындагы Арсланбоб айылындагы жаш жыгач усталарды жыгач усталык боюнча бизнес баштоо боюнча тренингдерди өтүп, аларга окуу усулун жазып бердик. Ошол усулду колдонуп усталар ишмердүүлүк курсун ачып, өз алдынча иштеп жатышат. 75 адамды окуттук, анын ичинен 12сине 100 миң сомдон гранттар берилди. Бул менторлук кылуу, тренерлик боюнча тажрыйбам болду.
Азыркы тапта ушул жылдын июнь айынан баштап, ишмердүүлүк боюнча программаларды түзүп жатам. Ар бир каалоочу адам мага келип, окуп кетсе болот. Буга чейин бизнести өнүктүрүү боюнча тренерлик тажрыйбам долбоордун алкагында болсо, азыр болсо бүт алган билимим менен алган тажрыйбама таянып, жеке авторлук курстарымды ачып баштадым.
Учурда бул компаниянын кызматын колдонгон кардарлардын саны өсүп келет. Алардын катарындагы Адина Джунушалиева да кызматтын сапаты жөнүндө ою менен бөлүшүп кетти.
“Бул фирма жөнүндө маалыматты мен социалдык тармактардан тапкам. Кырк-ашка буйрук берип, чакырганбыз. Кызматын так, тыкан, өз убагында аткарышат. Абдан ыраазы болдук. Өтө ыңгайлуу кызмат экен. Көп убакытты үнөмдөп, келген конокторду өз убагында тейлөөгө жакшы шарт түзүлдү. Буюрса, алдыда боло турган тойлордо да “Келин на час” компаниясынын кызматын колдонолу деп чечтик жана туугандарыбызга, тааныштарыбызга да бул кызмат жөнүндө айтып жатабыз.”
Венера Шонкоева