Covid-19 пандемиясы менен бир жылдан ашык убакыттан бери күрөшүп келебиз. Айылда коронавирус илдетине чалдыккан кары- картаңдардын абалы жөнүндө сурамжылоо жүргүздүк.
Нарын районундагы Учкун айылында жашы улгайган адамдардын абалы жакшы. Алар жаштарга салыштырмалуу санитардык эрежелерди жакшы сакташат. Бул тууралуу айылдагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчиси Замира Базарбаева билдирди.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жардамга муктаж кары-картаңдар жокко эссе. Айылдагы кары адамдар өзүлөрүнө кам көрүшүп, адамдар көп топтолгон жерде санитардык эрежелерди так сакташууда.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында турмуштук оор кырдаалга кабылган, жардамга муктаж карылар жана майыптыгы боюнча ар кандай категориядагы 24 жаран бар. Булар менен айыл аймактын эки жана райондук эмгек жана …
Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында пандемия мезгилинде кары-картаңдардын абалы кандай экендигин билүү үчүн кайрылдык.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында COVID-19 илдети боюнча абал туруктуу болгону менен илдети таптакыр жок болуп кеткен жок. Жаңы-Жер айылындагы мектепте 3 мугалимден COVID-19 илдети аныкталгандыктан окуучулар кайрадан аралыктан окутууга өтүштү …
Коронавирус илдетине байланыштуу өткөн жылы өлкөнүн бардык аймактарына өзгөчө абал киргизилгени баарыбызга маалым. Мындай оор күндөрдү айылыбыздын кары адамдары үйдөн чыкпай, карантиндин эрежелерин так аткаруу менен өткөрүштү.
Жалпы журт, дүйнө элин дүрбөлөңгө салган бул оору, көптөгөн көрүнүктүү инсадарыбызды алып кетти, баардык жаш курактагы адамдар, кыйын кырдаалда моралдык жактан жабыркаган учуру.
Ковид-19 илдети бүтүндөй адамзаттын жашоосуна коркунуч келтирди. Пандемия учурунда элеттеги кары адамдардын саламаттыгы, экономикалык абалы кандай болду? Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургундарынын ой-пикирин билип көрдүк:
Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга койгон. Анда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат кол койгону айтылган. Эксперттер, саясатчылар жана юристтер Конституциянын жаңы долбоору демократия …
Ак-Талаадагы Баетов айылынын тургуну Бүбүалыйман апа учурда 77 жашта. Айылдык мектепте 10-класста окуган небереси Алина экөө жашайт. 1-топтогу майып. Небересинин айтымында оң көзүнө жасалган операция жакшы жыйынтык бербей, залакасы экинчи …
Чүй облусунун Кызыл – Туу айылынын Новое айылынын дачасынын жашоочусу Зейнеп Гүлжигитова карантин мезгилинде жашылча- жемиш өстүрүү менен алектенди. Учурда түшүм жыйнап, пайда табуунун алдында турат.
Кочкор районунун Чолпон айылынын Covid-19 вирусун жуктуруп алган тургундары Чолпон айылдык №6 үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, дарыланууга көрсөтмөлөрдү алып жатышты. Бул ооруга кабылгандардын бири Эркин Кожогулова кандай медициналык тейлөөгө …
Талас районундагы Кууганды айыл өкмөтүнүн Үч-Эмчек айылында жашаган уз чебер Толсун Көкөева таажы тумоосу башталып, кыргызстандыктар карантинге чыкканда шаардан келген небере кыздары менен бирге курак курап, сайма сайып, билгенин кыз-келиндерге …
Ноокат районунун Кулатов айылынын COVID-19 вирусун жуктуруп алган тургундары Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып дарыланууга көрсөтмөлөрдү алышып жатышты. Оорунун жеңил түрүнө кабылгандар күндүзгү стационарга келип дарыланып жатышты.Алардын бири …
Куу-Майдан айылынын тургундары медициналык кароодон ѳтүп жатышат. Медицина кызматкерлери күн сайын айыл тургундарынын үйлѳрүн кыдырып, күнүнѳ 20-25 үйдү кароодон ѳткѳрүшѳт.
Коронавирус илдетине байланыштуу, өлкөнүн аймактарында өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу кары адамдар үй-бүлөсү менен бирге үйдө болушту. Өздөрү жакшы көргөн жумуштар менен алек болушуп, убактыларын текке кетирген жок.
Дүйнө жүзүнө таралган таажы вирусунун айынан канчалаган өлкөлөрдө тиричилик токтоп, карантин жарыяланганы барыбызга белгилүү. Карантин учурунда кары-картаңдардын абалы кандай болду жана карантинди кантип өткөргөнү тууралуу Кочкор районунун Чолпон айылынын аксакал …
Лейлек райноуна караштуу Сумбула айыл Өкмөтүнүн Искра айылындагы 84 жаштагы жалгыз бой карыясы Кенже Минжигитовдун жашаган үйү жергиликтүү жаштардын демилгеси менен жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен толук ремонттон өткөрүлдү.