Кулатов айыл аймагындагы күндүзү келип кетүүчү стационардык ооруканага стационар ачылгандан бери 14 күн ичинде 185 оорулуу кайрылган. Алардын 13ү ооруканага жаткырылды, 15и айыгып чыкты.
Бүгүн 30-июлда Суусамыр айылдык ооруканасына «Шоро» компаниясы жана «Элим барсынбы?» кайрымдуулук фонду тарабынан 2 кычкылтек концентратору, 800 литр легенда суусу жана эң керектүү дары-дармектер жардамга келди.
Карантинге карабай ар дайым көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылган үй- бүлө. Ар дайым жакшы жакты ойлонуп, илдетти жеңебиз деп үмүт кылып, күндөрүн жакшы өткөрүшөт.
Кочкор районунун Чолпон айылындагы күндүзгү бөлүмгө 2 кычкылтек концентратору белекке берилди.
Учурда Кыргызстандын бардык аймагында ар бир айылда айыл тургундары, айыл аксакалдары, Мекенден сыртта окуп-иштеп жүргөн жаштар пандемияны алдын алууда ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшүүдө.
Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик борборунун жетекчиси Нуржамал Дүйшеева райондук ооруканага колдоо көрсөткөн атуулдарга ыраазычылык билдирди.
Кочкор районунун Чолпон айылындагы ФАПка кычкылтек концентратору белекке берилди
«Коронавирусту жеңдик, ураа!»- деп балдар сүйүнгөн видео, соцтармактарга тарап кеткен. Бул видеодогу кичинекей балдардын апасы өзү инстаграмдан көрүп таң калган.
Ат-башы районунда жаңы пресс-борбор ачылып, алгачкы пресс-конференция болуп өттү. Анда райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Токторбай Кадыракунов жана чумага каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Рахман Каримжанов COVID-19га байланыштуу суроолорго жооп беришти.
Кулатов айыл өкмөтү COVID-19 вирусунун жайылышына бөгөт коюу максатында сырттан келгендерге жана мигранттарды изоляцияга алуу үчүн атайын обсервация кааналарын уюштурду. М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин имараты пайдаланууга берилди. Жалпы 32 кишилик …
Мектептерде салттуу окуу жандангандан бери окуучулар да, ата- энелер да, мугалимдер да ден- соолук үчүн кооптонбой койгон жок. Ар бири талаптарды аткарып, эрежелерди сактоого аракет кылууда.