Күнтуу айыл аймагына караштуу Маловодное айылында коомдук жайлардын абалын жакшыртуу максатында айылдагы почтанын эшиги жаңыланып, жаңы эшик орнотулду. Бул ишти уюштурууга айыл башчысы Айнура Исакова демилге көтөргөн. Ал эми мебель заводу эшикти жаңылоого 35 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

Айнура Исакова коомдук жайларды жакшыртууда демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү тургундардын колдоосу маанилүү экенин белгиледи:
«Айылдагы ар бир маселе биз үчүн маанилүү. Почта — тургундар күнүмдүк турмушта колдонгон коомдук жайлардын бири. Анын эшигин жаңылоо зарылдыгы жаралып, бул ишти уюштурууга аракет кылдык. Биздин демилгебизди колдоп, 35 000 сом өлчөмүндө каражат бөлгөн мебель заводуна терең ыраазычылык билдиребиз.

Айылдын өнүгүшү үчүн жалпыбыз аракет кылсак, көптөгөн жакшы иштерди ишке ашыра алабыз. Демөөрчүлөрдүн колдоосу, элдин ынтымагы жана биргелешкен аракеттер айылдагы шарттарды жакшыртууга чоң жардам берет. Мындан ары да айылыбыздын көйгөйлөрүн чечүүгө жана коомдук жайларды жакшыртууга аракет кылабыз», — деди айыл башчысы.
Почтанын эшигинин жаңыланышы айыл тургундары үчүн маанилүү иштердин бири болду. Мындай демилгелер коомдук жайлардын абалын жакшыртууга жана жергиликтүү кызмат көрсөтүү шарттарын түздөөгө өбөлгө түзөт.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Раяна Бейшенбекова