Жер үлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өлкөнүн жарандарына берилүүчү айыл чарба багытындагы жер участогу. Жер бөлүштүрүүдө үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө үлүш жазылат. Бирок иш жүзүндө жерди иштетүү ишмердиги үйдөгү кыздар эмес, эркек балдарга көбүрөөк берилип келет.
1992-1994-жылдары жер үлүшүн бөлүштүрүү башталган. Ошондо ар бир айыл өкмөт жеринин абалына карата: сугат жер, кайрак жер жана айдоо аянтынын өлчөмүнө жараша киши башына бөлүштүрүп келген. Үй-бүлөдө чогуу жашаган кызы да, уулу да, келини да, небере да жер үлүшүнө ээ болушкан. Ал эми жер аянты көбүрөөк жерлерде гектарлап жер алган учурлар болгон жана 35-50 сотыхтан дагы жер бөлүнгөн. Эл арасында нааразычылык болбосун үчүн бирдей бөлүштүргөнгө аракет кылышкан. Бирок жерди каттоо үй ээсине гана жүргүзүлгөн. Ал эми калган жер үлүшүнүн ээлеринин укугу жок болуп калган.
Жарандык коомдун өкүлдөрү сунуш киргизип, кээ бир депутаттар менен иштешүүнүн натыйжасында, китепчеге ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн үлүшүн жазып көрсөтө башташкан. Мыйзамда “ар бир адам өзүнүн үлүшүн каалагандай пайдалана алат: сата алат, алмаштырат, мураска калтырат” деп жазылган жери бар. Бирок ушул күнгө чейин жер үлүшүн пайдалана албаган, ала албаган кыз-келиндер абдан көп.
Бакен Досалиева
Гендердик эксперт Бакен Досалиева жылдын башында жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде Таластын Кара-Буура району, Ысык-Көлдүн Түп району, Ак-Суу районундагы өткөрүлгөн сурамжылоодо көпчүлүк кыздар күйөөгө кетсе, жер үлүшүн берүүнү туура эмес көрүшөт экен, жер бөлүштүрүү мыйзамын билишпейт, ал эми мыйзамды билгендер кыздар турмушка чыккандан кийин жер үлүшүн баалап, 150 ден 200 миң сомго чейин же бодо мал менен баалап үлүшүн беришерин айтат.
“Бирок мындай учурлар аз. Көпчүлүк учурда, жер үлүшүн берсек, күйөө бала башка жерден болсо, ошол жерди айдап жүрүүгө жергиликтүү калк дагы стереотиптүү көз карашта болуп, иштеткенге мүмкүнчүлүк бербейт. Балдар мушташып кетиши мүмкүн. “Күч күйөө” деп басынткандар да жок эмес.
Жер үлүшүн бөлүштүрүүнү кыздар да туура эмес көрүшөт экен. Капысынан ажырашып келип калса, балдарды багыш үчүн жерди иштеткенге керек болуп калат дешет. Кызынын жерин иштетип жаткандыгы үчүн, ошол жеринен алынган продукциядан: буудай болобу, фасоль болобу кыздарына үлүшүн берип турушат экен. Кыздар албаган себеби, «жерим мен үчүн кепилдик катары төркүнүмдө болгону туура» дешет. Ал эми жерди сатабыз же иштетебиз деген күйөө балдар жок эмес.
Жети-Өгүз районунун кээ бир айылдарында жергиликтүү кеңештин депутаттары кыз балага жер үлүшүн бербей, эркек балдар гана жер үлүшүн алыш керек деген чечим чыгарып коюшуптур. Бул Кыргызстандын гендердик саясатына жана жер кодексине каршы келген чечим. Бул чечимди жокко чыгаруу үчүн прокуратура иш жүргүзүш керек. Азыркы убакытка чейин ушул чечимди колдонушат”, — дейт Бакен Досалиева.
Красная Речка айыл өкмөтүнүн жер бөлүштүрүү боюнча адиси Бакытбек Осмоналиев
Красная Речка айыл өкмөтүнүн жер бөлүштүрүү боюнча адиси Бакытбек Осмоналиевдин айтымы боюнча Красная Речка айылында 1995-1996-жылдары колхоздо иштеген жумушчуларга 1 гектардан, мугалимдерге 50 сотыхтан, тейлөө кызматында иштегендерге 25 сотыхтан жер бөлүштүрүлүп берилген.
Бурмакан Кыдыралиева
Бурмакан Кыдыралиева 2 кыз 1 баланын энеси. Ал балдарынын келечегин камсыздоого жоопкерчилик менен мамиле кылат жана үй-бүлө мүчөлөрү менен тең укуктуулук жөнүндө көп сүйлөшөт. Бурмакан “сен кызсың, сен эркексиң” деген түшүнүктөрдүн кереги жок экендигин белгилейт.
“Жер үлүшүн ата-энелер уулдарына, кыздарына тең бөлүштүрүш керек деп ойлойм. Ата-энеси өтүп кеткенден кийин бир туугандар жер үлүшүн талашып, сотко чейин баргандар болот. Ушундай түшүнбөстүктөрдү алдын-алуу үчүн ата-энелер жер үлүшүн тең бөлүштүрүүсү зарыл. Бизде кыргыздарда көнүп калганбыз да, “эркек балага бериш керек”, -деген оюн билдирди Бурмакан Кыдыралиева.
Жер иштетүү айыл жеринде негизги киреше булагы болгондуктан жер бөлүштүрүүгө болгон талап күндөн-күнгө күч алууда. Стереотиптерден арылуу менен катар үй-бүлөдө теңдик көз караштарын калыптандыруу менен адилеттүү чечимдерди чыгаруу керек. Бул өз учурунда эркек баланын да, кыз баланын да бакубат келечегине ата-эненин кошкон салымы болот.
Венера Шонкоева