Кара-Сакал айылынын тургуну, жалгыз бой эне Гүлнурдун үйүнүн чатыры катуу шамалдан улам толугу менен учуп кетип, турак жайы олуттуу зыянга учураган. Натыйжада үй-бүлө оор кырдаалга туш болгон. Мындай учурда кайдыгер карабай, жергиликтүү демөөрчү мебель заводу Гүлнурга 15 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөттү. Ошондой эле Маловодное айылынын айыл башчысы үйдүн чатырын калыбына келтирүүгө көмөк катары жыгач тактайларды берди.

Маловодное айылынын айыл башчысы Айнура Исакова жардам көрсөтүүнүн маанисине токтолуп, кыйын учурда элдин биримдиги жана бири-бирине колдоо көрсөтүүсү маанилүү экенин белгиледи:
«Элибиздин башына кыйынчылык түшкөндө бири-бирибизге кол сунуп, колдон келген жардамды көрсөтүү — адамдык парзыбыз. Гүлнур эжебиздин үйүнүн чатыры катуу шамалдан улам толугу менен учуп кеткенин угуп, кайдыгер карап тура алган жокпуз. Мебель заводунун демөөрчүлүк жардамы менен 15 000 сом акчалай колдоо көрсөтүлүп, мен дагы айыл башчысы катары чатырын калыбына келтирүүгө керектелүүчү жыгач тактайларды берүүгө аракет кылдым.
Албетте, бул жардам чоң көйгөйдү толугу менен чечпесе да, эжебизге колдоо жана дем-күч болот деп ишенем. Эң негизгиси — кыйын учурда элдин биримдиги, боорукерлиги жана кайрымдуулугу. Жардам колун сунган бардык жарандарга терең ыраазычылык билдирем», — деди Айнура Исакова.
Кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөгө көрсөтүлгөн бул колдоо айыл тургундарынын ынтымагын жана кайрымдуулугун дагы бир жолу көрсөттү.
Даярдагандар: Айжай Джолчубекова, Аксана Шалтаева