Кыргызстанда мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын саны 42 болсо, ал эми мамлекеттик орто кесиптик билим берүү уюмдарынын саны 105ти түзөт. Жыл сайын кесиптик лицейлерге тапшырган абитуриенттердин саны көбөйүп келет.
“Ар бир адам үчүн кесип тандоо бул эң жогорку мааниге ээ. Себеби, адам өзүнүн өмүрүнүн 3\1 бөлүгүн жумушунда өткөрөт” дейт Кант шаарында жайгашкан №25 кесип лицейдин директору Малина Акиева.
“Кесипти туура тандап, жүрөгү менен сүйгөн жумушун кылса, адам бактылуу болот деп ойлойм. Кичинекей кезинен баштап эле балдар кыялданып, кесип тандап башташат. Бирок турмушту көргөндөн кийин кайсы кесип маанилүү экенин, кайсы кесип менен үй-бүлөсүн багып кетерине көздөрү жеткенде, балдар кандайдыр бир кесипти тандашат.
Биздин лицейде жумушчу кадрларды даярдайбыз: ашпозчу, тикмечи, авто унааларды оңдогон слесарлар, электр жана газ менен иштеген ширетүүчүлөр, электромонтерлор б.а. жалаң колу менен жасап, колу менен иштеген жумушчу кадрларды даярдайбыз.
Көп убакта, бизде “кыздар бир кесипти, балдар бир кесипти тандаш керек” деген стереотип көз караштар калыптанган. Азыр болсо, турмуш өзү көрсөтүп жатат. Бардык жумуштарда балдар деле, кыздар деле иштеп кете алат. Мисалга алсак, бизде ашпозчулар, навайчы, кондитер кесиптеринде 70% эркек балдар окушат. Азыр ушул кесиптер бардык жерде талап кылынат. Биздин өлкөдө гана эмес, башка өлкөлөрдө да бул кесиптин ээлери жумушту оңой тапса болот.
Бизде автоунаа оңдоочу слесарларды даярдоо группасында Наталья Брантова да окуйт. Наталья өзүнүн каалоосу менен кесипти тандап алган. Өзүм машина оңдогонду үйрөнгүм келет, жеке өзүмдүн автоунаамды эч кимге “жалдырабай” оңдогонго үйрөнүшүм керек деген максат менен келген. Азыр окуп жатып, ал кыздын алдыда кандайдыр бир максаттары пайда болду. Өзү ушул автоунаа оңдоочу жайды жеке ишкер катары ачсам дейт. Б.а. азыркы кесипти тандоодо мурунку кесип тандоодогу стереотиптердин жоголуп баратканы көрүнүп турат.
Биз кесип тандоодо профориентациялык багытта мектептер менен жыл бою иштейбиз. Мектептерге барганда ар бир баланын шыгына карайбыз, ар кандай интерактивдик оюндарды ойнотуп, жөндөмү кайсы кесипке туура келе турганын аныктайбыз. Мисалы, мурунку убакта мектепте начар окуган балдар, сабактан көп качкан балдарды мектептен чыгарып, биздин лицейге жиберишчү. Азыр болсо, “ширетүүчү болгум келет”, “машина оңдогонду үйрөнгүм келет”, “тамак жасаганды үйрөнгүм келет” деп өз каалоосу менен көпчүлүк келет.
Ооба, азыркы убакта, көп жаштар престиждүү окуу жайларды тандашат. Бирок ошол эле убакта турмуш өзү далилдеп жатат, эмгек рыногунда жумушчу кесиптер дайыма талап кылынын келгенин. Баягы чоң окуу жайда окуу деген стереотип акырындык менен жоюлуп бара жатат.
“Азыркы убакта өспүрүм балдар жана кыздар 9-классты бүткөндөн кийин акча табуунун жолдорун ойлоно башташат” дейт лицейде билим алган студенттин апасы Диляра Кубатбекова.
“Окууга болгон кызыгуусу тарай баштайт. Курстарды бүтүп алып, батыраак акча табууну көздөп калышат. Менин кызым да ушундай ойлорун айта баштаганда, 25-лицейди сунуш кылдым. Эки бюджеттик орун бар экен. Үйгө да жакын. Кызым макул болуп окуй баштады. Сабакка жоопкерчилик менен мамиле кылат. Мага жакканы, лицейди бүткөндөн кийин дипломдон тышкары орто билим алгандыгы тууралуу аттестат алат экен. Лицейде теориялык жана практикалык сабактар өтүлөт экен. Алтынай үйдө тамактарды ашпозчудай болуп даамдуу жасап калды. Бул лицейден алган билими кызымдын жашоосунда кереги тиет деп ишенем. Алтынай дагы бул лицейде окуп жатканына кубанат.”
Кесип тандоодо стереотиптер барбы? Алар кайсы жактан келип чыгат? Жана кесиптик стереотиптерге эмнелер кирет? деген суроолорго гендердик эксперт Салтанат Боромбаева жооп берди. “Бир үй-бүлөдө уул бала жана кыз төрөлсө, алар ошол үй-бүлөнүн баалуулуктарын сиңирип алат. Чоңойгон сайын үй жумушуна аралашып, ар бирине милдеттер бөлүнүп берилет. Эгер кыз балага тамак жасап, үй жыйнап, кир жууп жана ошол үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө кам көрө турган болсо, ошол кызды чоңойгондо үй-бүлөсү кам көрүүчү кесиптерге түрткү бериши мүмкүн. Алар: окутуучу, медайым ж.б. Ал эми уул баланы болсо: үй чарба, устачылыкка көп аралаштырышы мүмкүн. Кийин ал баланы дагы үй-бүлөсү ошого ылайык окууга барууга түрткү бериши мүмкүн. Ушул жактардан стереотиптер пайда болушу ыктымал. Булар кыздын же баланын эркин тандоосу деп айтыш кыйын. Бул кичинесинен аларга сиңирилген баалуулуктарды кесипке айландыруу белгилерин байкасак болот. Ал эми коомдо 90% адамдар ушундай көз карашта болсо, ал демек стереотиптик кесиптерге алып келиши мүмкүн.
Барган сайын бул аялдын кесиби, бул эркектин кесиби деген көрүнүш азайып бара жатат. Азыр аялдар дагы акча таап, үй-бүлөнү бакканы аракет кылып жатышат. Эркектер дагы үй-бүлөдө өзүнүн салымын кошуп, балдарды караганы жардам берип, тамак жасап, үй жыйнаганга аралашканы көп учурайт. Дагы болсо, азыр жаңы кесиптер пайда болууда. Алар аялдыкы эркектики деп бөлүнбөйт. Мисалы IT- кесиптер. Эгер ошого ылайык билими болсо аны ар бир адам алып кете алат.”
Венера Шонкоева