Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл аймагындагы Кичи-Шалта айылында 2,5 чакырым жолду асфальттоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер айылдагы жол инфраструктурасын жакшыртууга жана тургундардын каттамын жеңилдетүүгө багытталган.
.
Жолдун асфальтталышы унаалардын жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп, жол коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө болот. Айрыкча, күн сайын каттаган тургундар, балдар жана улгайган адамдар үчүн сапаттуу жолдун мааниси чоң.
Айыл тургуну Айгүл Толомушованын айтымында, жолдун оңдолуп жатканы жергиликтүү эл үчүн көптөн күткөн жаңылык болду:
«Биз, Кичи-Шалта айылынын тургундары, жолубуздун асфальтталып жатканына абдан кубанып жатабыз. Жакшы жол — элдин ыңгайлуулугу жана коопсуздугу. Айрыкча, күн сайын каттаган тургундар, балдар жана улуу муундагы адамдар үчүн бул чоң жеңилдик болот. Айылыбыздын өнүгүшүнө салым кошуп жаткандардын баарына айыл элинин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Мындай жакшы иштер мындан ары да уланат деп ишенебиз», — деди ал.


Жолду асфальттоо иштерин колдоого алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жол-транспорт министрлигине жана Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараевага ыраазычылык билдирилди.
Айыл тургундары жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган иштер мындан ары да уланат деген үмүттө.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Раяна Бейшенбекова