Нарын облусунун Кочкор айылында жалпы аянты 4,8 гектарды түзгөн эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Долбоор аяктагандан кийин паркта балдар жана чоңдор үчүн эс алуу, спорт менен машыгуу жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттар түзүлөт.

Жаңылоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан каржыланып, курулуш иштерин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Долбоорго ылайык, парктын аймагында массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянтча, амфитеатр, шахмат ойноочу жай, скейт-парк, балдар аянтчалары, воркаут зонасы жана мини-футбол талаасы курулат. Ошондой эле лабиринт жана сейилдөө аллеялары уюштурулат.
Мындан тышкары, коомдук даараткана, жарыктандыруу системасы жана унаа токтотуучу жай каралган. Парктын аймагын көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлөт.

Учурда тротуарларды брусчатка менен төшөө, темир-бетон лотокторду, жарыктандыруу мамыларын жана металл тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат. Коомдук даараткананын, кире бериштеги арканын курулушу жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.
Реконструкциянын натыйжасында Кочкор айылынын тургундары үчүн эс алууга, спорт менен машыгууга жана үй-бүлөлүк убакыт өткөрүүгө ылайыкталган заманбап коомдук жай түзүлөт.

Маалымат булагы: minstroy.kg
Даярдаган: Мадина Тилекова, Мырзайым Төлөбекова