3- декабрь- Эл аралык майыптыгы бар адамдардын күнүнө карата Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында 45 майыптыгы бар балдар жана ата-энелери үчүн концерт уюштурулуп, белектер берилди.
Кылычбек Жекишов
Бул иш-чараны «Дайыма жашоо керек үмүт менен» коомдук фондунун жетекчиси Кылычбек Жекишов уюштурду. Концертте Аскар Жекишов жана чакырылган коноктор өзүнүн жагымдуу ырларын балдарга тартуулашты.
Аскар Жекишов
Концерттин аягында балдарга «Куликовский» кондитердик фирмасы даярдаган таттуу белектер тапшырылды.
Кылычбек Жекишов жыл сайын кайрымдуулук концертин уюштуруп, айылдын өзгөчө бөбөктөрүн сүйүндүрүп келет. Кылычбек өзү жалгыз көзү азиз баласы Аскар Жекишовду тарбиялоо менен чектелбестен, Аскардын ырларын жаздыртып, Кыргызстанды кыдырып, концерт берип келишет.
Венера Шонкоева