Красная Речка айылынын окуучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетине экскурсияга барып келишти.
Мектеп директору Азиз Зарлыковдун айтымы боюнча окуучуларга кесип тандоого туура багыт берүү жана окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында Ысык-Ата районунан шайланган депутат Бакыт Тентишовдун чакыруусу менен бул иш-чара ишке ашты.
11-класстын окуучусу Фарида Асланова бул иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, оюу менен бөлүшүп кетти:
«Биз Жогорку Кеңештин аппаратына келгенде, биздин паспортторубузду кылдаттык менен текшерип бүткөн соң имараттын ичин көрсөтүп беришти. Жогорку Кеңештин иши менен тааныштыруу менен бирге биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, кандай көйгөйлөрүбүз бар экенин сурашты. Биз барган маалда өтүп жаткан ачык жыйналышка да катыша алдык».
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде экскурсияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жарандардын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, окуу жайларынын өкүлдөрүнүн экскурсияларын уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты тарабынан Аппараттын жетекчисинин же анын орун басарынын макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин административдик имаратында экскурсиялар төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
— Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын иши менен таанышуу;
— Жогорку Кеңештин ишинин ачык-айкындыгын жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде Мыйзам чыгаруу бийлигин жана контролдук иш милдеттерин жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган катары анын иши жөнүндө объективдүү маалымат берүүнү камсыз кылуу;
— Билим берүү жана тарбиялоо процессин жүргүзүүдө окуу жайларына көмөктөшүү.
1.2. Жогорку Кеңеште экскурсиялар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 156-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Административдик имараттарга кирип-чыгуу режими жөнүндө» Жобого, ушул Жобого жана Жогорку Кеңештин башка актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Венера Шонкоева