Шарапат Полотова

Америкадагы кыргыз кызынын ийгилиги

Мүмкүнчүлүк көбүнчө биздин билимге умтулуубуздан жана кесиптик өсүүбүздөн көз каранды болгон дүйнөдө ийгилик окуялары дем берүү булагы болуп калат.









Шарапат Полотова
Америкадагы кыргыз кызынын ийгилиги
Мүмкүнчүлүк көбүнчө биздин билимге умтулуубуздан жана кесиптик өсүүбүздөн көз каранды болгон дүйнөдө ийгилик окуялары дем берүү булагы болуп калат.
Кыздарга дем берүүчү окуялардын бири Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган Шарапат Полотованын окуясы. Ал мектепти жакшы окуп, информатика сабагынан олимпиадаларга катышчуу.
«Менин толук атым Шарапат Полотова жана менин Кыргызстандагы туулуп өскөн айылымдан Америкадагы банк дүйнөсүнө болгон сапарым кыйынчылыктарга, аракеттерге жана билимге болгон туруктуу каалоого бай болду».
Бүгүнкү күндө Шарапат Америкадагы эң чоң банктардын бири JPMorgan Chaseде ийгиликтүү иштеп, IT бөлүмүндө инженер-программист кызматын ээлейт. Анын окуясы өжөрлүк, билим берүү жана кесиптик өнүгүү менен таасирдүү натыйжаларга жетишүүгө болорун көрсөтүп турат.

«JP Morgan Chaseдеги карьерам финансы бөлүмүндө башталган, бирок IT тармагына болгон сүйүүм мени программалоо бөлүмүнө алып келди. Мен азыр Америкадагы эң чоң банктардын биринин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан инженер-программистмин».



Шарапат өзүнүн аңгемесинде жаңы өлкөдө жашоо баштоонун кыйынчылыктары: туугандарынын жоктугунан тартып, иш менен окууну айкалыштыруу зарылдыгына чейин баса белгилеген. Бирок анын чечкиндүүлүгү, күйөөсүнүн колдоосу жана өзүнө болгон ишениминин аркасында ал бардык кыйынчылыктарды жеңе алды.

Ал ийгиликтүү профессионал гана эмес, Америкада чоңоюп жаткан эки уулдун мээримдүү энеси. Үй-бүлөлүк баалуулуктар, колдоочу жар жана талыкпаган эмгек ага көптөгөн иммигранттар туш болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген.
«Жолдошум экөөбүз Куршабдагы гимназиядан баштап жашоонун бардык баскычтарын басып өттүк. Балдарыбыз Америкада төрөлдү, азыр мектепте окушат. Бул жерде жашоо оор, бирок иштеп, өнүгүүгө даяр болгондор үчүн шарттар жакшы”.
Шарапат жолдошу жана уулу менен
Шарапат Полотова кыздарга да кайрылып, жардамын аябайт, тажрыйбасы менен бөлүшүп, ар дайым билимге, көз каранды болбоого, максатка умтулууга кеңеш берет. Айрыкча көптөгөн кыздар билимсиздиктен жана өз укуктарын билбегендиктен кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан чөйрөдө аялдар үчүн билим алуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
«Кыздарга кеңешим – ар дайым окууга көңүл буруп, өнүгүүгө умтулгула. Билим – көз карансыздыктын ачкычы. Ар бир кыздын билимдүү, күчтүү болушун, максатына жете билген, кордук көрбөгөнүн каалайм”.
Шарапат чечкиндүүлүк, окуу жана жакындарынын колдоосу кыйынчылыктарды жеңүүгө жана профессионалдык чөйрөдө таасирдүү бийиктиктерге жетишүүгө жардам береринин жаркын мисалы. Анын окуясы жеке ийгилигинин баяны гана эмес, билим жана өзүнө болгон ишеним келечекке жол ача турганын бардык кыздарга айтып келет.

Ар кандай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай билимге, даанышмандыкка умтулуп, ийгилик жолун улантууда. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, башкаларды, өзгөчө кыздарды шыктандырат.
«Америкада мен билимден адилеттик таптым. Бул жерде эч ким пара албайт, ар бир студент билимине жараша бааланат. Эң негизгиси, талыкпай эмгектенип, мамлекеттик төлөмдү өз убагында төлөө керек”.

Ал белгилегендей, заманбап дүйнөдө сырткы көрүнүш акылмандык менен билимди алмаштыра албайт. Ишеним менен ал билимине көбүрөөк көңүл буруп, акыл-эсин өнүктүрүүнү чечти. "Бардык досторуң жакшы иштеп жатканда көп болушу мүмкүн, бирок акчаң түгөнүп калса, алар жок болот. Бирок алган билимиң сени эч качан таштабайт деп ойлойм", - дейт Шарапат.

Атасы таксист, апасы мугалим болуп иштеген карапайым кыргыз үй-бүлөсүнөн Шарапат эмгектин, билимдин баалуулугунда чоңойгон. Азыр да, анын ата-энеси чакан бизнеси менен алек, ал өзүнүн ата-энеси менен тыгыз байланышта жана жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан ийгиликтүү айым болууга жетишти.



Эмгек жолу жакында аны Гарвард университетине алып барды, бул билим берүүнүн жана мыктылыкка умтулуунун символу. Шарапат билимин улантып, ушул абройлуу окуу жайда окууну улантып, өзүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатты. Гарвард университети ага көз карашын кеңейтүүгө жана лидерлик ролго даярданууга мүмкүнчүлүк берди. Ар улуттун өкүлдөрү менен дос болду.

«Бүгүнкү күндө IT индустриясы аялдар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат. Айлыгы жакшы, каалаган жерден окуса болот. Убакытты туура пайдалануу, онлайн ресурстарды пайдалануу жана үзгүлтүксүз өнүгүүгө умтулуу маанилүү”.
Шарапат Полотова
Шарапат Полотованын окуясы карьералык өсүш гана эмес, билимге тынымсыз умтулуу жана инсандык өнүгүү тууралуу да баян.

Анын сөздөрү ийгиликке жетүү жолун кыялдангандарга насаат катары кызмат кылат:

"Акылдуулук сырткы көрүнүштөн да маанилүүрөөк, ал эми билим сенин баа жеткис байлыгың".

Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору

Гулназ Камбарали кызы

This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website