Соң-Көл көлүнүн Рамсар аймагындагы экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо, жайыттардын деградациясын азайтуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери 28-октябрда Кочкор районунда өткөн Консультативдик-координациялык комитеттин биринчи жумушчу жолугушуусунда талкууланды. Жыйындын соңунда Соң-Көлдүн экосистемаларын жана жайыттарын сактоого багытталган 20дан ашык сунуш айтылды.
Жолугушуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өттү. Анын темасы — «Соң-Көл көлүнүн Рамсар аймагындагы экологиялык көйгөйлөрдү жана биологиялык ар түрдүүлүккө болгон коркунучтарды аныктоо».
Иш-чаранын негизги максаты көлдүн экологиялык абалына байланыштуу артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо, суу-саздуу жерлерди жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча практикалык сунуштарды даярдоо жана мекемелер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Жолугушууну Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти менен «Туруктуу өнүгүү стратегиялары институту» коомдук фонду (ИСУР) уюштурду.
Ага мамлекеттик органдардын, Кочкор жана Жумгал райондук мамлекеттик администрацияларынын, Кыдыракун Базарбаев атындагы «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун, айыл өкмөттөрүнүн, жергиликтүү кеңештердин, жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, эксперттер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Соң-Көлдүн суу-саздуу жерлеринин, жайыттарынын жана биологиялык ар түрдүүлүгүнүн учурдагы абалы боюнча жүргүзүлгөн экологиялык изилдөөлөрдүн жана мониторингдин жыйынтыктары сунушталды
Баяндамаларда төмөнкү маселелер каралды:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков Соң-Көлдүн Рамсар аймагындагы биологиялык ар түрдүүлүктү жана канаттуулар дүйнөсүн сактоо, алардын учурдагы абалы, негизги коркунучтар жана коргоонун артыкчылыктуу чаралары тууралуу маалымат берди.
Ошол эле институттун биология илимдеринин кандидаты Мыскал Ганыбаева көл аймагындагы өсүмдүктөр дүйнөсүнүн экологиялык абалы, көйгөйлөрү, коркунучтары жана калыбына келтирүү жолдору жөнүндө баяндама жасады.
Ал эми «Экологиялык коопсуздук» коомдук уюмунун директору Анара Султангазиева Соң-Көлдүн пилоттук аймагындагы биологиялык ар түрдүүлүктүн абалына жүргүзүлгөн экологиялык баалоонун жыйынтыктарын, негизги коркунучтарды жана экологиялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуштарды тааныштырды.
Изилдөөлөрдүн жана талаа байкоолорунун жыйынтыктарын талкуулоодо аймактагы өзгөрүүлөргө жана адамдын чарбалык ишмердүүлүгүнүн жаратылышка тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурулду.

Жайыттардын деградациясы жана канаттуулардын жашоо чөйрөсү — негизги маселелердин бири.
Катышуучулар экологиялык жактан сезимтал жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылган аймактардын картасын карашты. Жайыттардын деградациясы, көлдүн жээк тилкесинин жана суу-саздуу жерлердин абалы, канаттуулардын уя салуучу жана жашоочу жайларына болгон коркунучтар боюнча пикир алмашышты.
Өзгөчө сейрек кездешүүчү жана аялуу канаттуулардын жашоо чөйрөсүн коргоо маселеси талкууланды. Ошондой эле мал жаюунун, туризмдин жана башка чарбалык иштердин Соң-Көлдүн экосистемаларына тийгизген таасирин баалоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Топтук талкууларда биринчи кезекте көңүл бурууну талап кылган аймактарды аныктоо, кошумча илимий изилдөөлөрдү жана талаа текшерүүлөрүн жүргүзүү зарылдыгы каралды. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар, жаратылыш коругу, айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү жамааттар биргелешип ишке ашыра ала турган чаралар талкууланды.

Соң-Көлдү сактоо боюнча 20дан ашык сунуш айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Соң-Көлдү жана анын жайыттарын сактоо, жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу жана экологиялык көйгөйлөрдү азайтуу боюнча 20дан ашык сунуш айтылды. Алар төмөнкү негизги багыттарды камтыды:
Суу-саздуу жерлерди сактоо жана калыбына келтирүү. Деградацияга учураган аймактардын абалын жакшыртуу жана аларды калыбына келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгуу.
Жайыттарды туруктуу башкаруу. Жайыт ресурстарын туура пайдалануу, деградацияны азайтуу жана табигый экосистемаларды сактоо.
Канаттууларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо. Канаттуулардын жашоо жана уя салуу чөйрөлөрүн, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана аялуу түрлөрдүн жашаган жерлерин сактоо.
Экологиялык мониторингди күчөтүү. Көлдүн экологиялык абалына байкоо жүргүзүү, кошумча маалыматтарды топтоо жана илимий сунуштарды даярдоо.
Жергиликтүү жамааттардын катышуусун кеңейтүү. Экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү, жергиликтүү тургундарды жаратылышты коргоо иштерине тартуу жана кызыкдар тараптардын кызматташтыгын бекемдөө.
Бул багыттар Соң-Көлдүн экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө, жаратылышты коргоо чараларын артыкчылыктуу аймактарда жүргүзүүгө жана жайыттарды узак мөөнөттүү сактоого негиз түзүүгө багытталган.

Кийинки кадамдар аныкталды.
Жолугушуунун соңунда мындан аркы иштерди уюштуруу жана милдеттерди бөлүштүрүү маселелери каралды. Зарыл материалдарды даярдоого жооптуу уюмдарды жана адистерди аныктоо, кошумча маалыматтар менен илимий сунуштардын тизмесин макулдашуу, комитеттин экинчи жумушчу жолугушуусуна материалдарды даярдоо жана тапшырмаларды аткаруунун болжолдуу мөөнөттөрүн белгилөө пландалды.
Ошондой эле Соң-Көлдүн негизги экологиялык көйгөйлөрү жана биологиялык ар түрдүүлүккө болгон коркунучтар боюнча бирдиктүү тизме түзүү, кошумча изилдөөлөрдү же жаратылышты коргоо чараларын талап кылган аймактарды аныктоо жана экосистемаларды сактоо боюнча практикалык иштердин багыттарын иштеп чыгуу каралды.
Консультативдик-координациялык комитеттин иш-чаралары 2026-жылдын 28-октябрынан 15-декабрына чейин уланат. Биринчи жолугушууда аныкталган көйгөйлөр жана айтылган сунуштар кийинки талкууларда практикалык чараларды иштеп чыгууга негиз болот.
Соң-Көлдү жана анын жайыттарын сактоо мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомчулуктун биргелешкен аракетин талап кылат. Табигый экосистемаларды сактоо, жайыттарды туура пайдалануу жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо көлдүн жаратылыш байлыктарын келечек муундарга жеткирүү үчүн маанилүү.


Бурул Майрамбек кызы