2023-жылдын март айында Ысык-Ата району боюнча «Таза аймак-Жашыл аймак» урааны менен калктуу конуштардын аймагын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруунун 3 айлыгын өткөрүү боюнча жана «Жашыл мурас» улуттук өнөктүктү колдоо максатында айыл аймактарда бак-дарактардын көчөттөрүн тигүү, көчө боюнда ташталган таштандыларды тазалоо жана башка иш-чараларды жүргүзүү боюнча жалпы райондук ишембилик башталды.
Красная Речка айылынын мектеби
Красная Речка айылынын бала бакчасы
Красная Речка айыл өкмөтү
Ишембиликке Красная Речка айылынын бардык мекемелеринин кызматкерлери, жергиликтүү калк активдүү катышты. Айылдагы жолдун боюна ташталган таштандыларды тазалап чыгаруу иштери жүргүзүлдү.
Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана тазалоо иш-чаралары ар жуманын ишемби күндөрү өткөрүлүүдө.
Венера Шонкоева