Токтогул районунда климаттык туруктуулукту сактоого жана улуттук маданий мурастарды жандандырууга багытталган «Тоолордогу жандуу акылмандык: климаттык туруктуулук үчүн маданий салттар» долбоорунун расмий жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү.

Масштабдуу иш-чара бир катар мекеме-уюмдардын күчүн бириктирген кызматташтыгынын негизинде ишке ашты. Аны «Жаш муун» коомдук уюму, Токтогул шаардык мэриясы, Токтогул райондук Аялдар кеңеши жана райондук экотехинспекция биргеликте уюштурушту.

Салтанатка шаар тургундары менен катар алыскы Европадан келген коноктор — Швейцариядан келген адистер, Европа Биримдигинин ALIPH фондунун өкүлү Арстанбек Баялиев, ошондой эле жергиликтүү малчылар, жылкычылар жана ветеринарлар катышышты.

Иш-чарада Швейцариядан келген жылкы боюнча адис, натуропат жана биомеханик Анн-Лор Зюфференин тренинги өттү. Ал жергиликтүү жылкычыларга жаныбарларды табигый жол менен багуу, дарылоо жана алардын биомеханикасын түшүнүү боюнча өзгөчө тажрыйбасы менен бөлүштү. Адистин практикалык көрсөтмөлөрү катышуучулардын чоң кызыгуусун туудуруп, жергиликтүү малчылар жана ветеринарлар өздөрүнүн суроолоруна толук кандуу жооп ала алышты.

«Жаш муун» коомдук уюмунун жетекчиси Илатбү Сатарова өз сөзүндө ата-бабадан калган нарк-нусканы жаштарга сиңирүү зарылдыгына токтолду:

«Кыргыздын каада-салтын, нарк-нускасын туура пайдалануу аркылуу жаш муундарды улуттук маданиятын сыйлаган инсан катары тарбиялашыбыз кабыл. Ошондой эле айыл жеринде ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө багытында Аялдар кеңеши менен биргеликте түшүндүрүү иштерин активдүү улантабыз. Биздин максат — айлана-чөйрөнү таза сактоо жана өсүп келе жаткан муунду эмгекчилдикке тарбиялоо», — деди ал.

Ал эми Токтогул райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматова улуттук кол өнөрчүлүктү жаштарга үйрөтүү аркылуу муундан муунга өткөрүү маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү көйгөйүнүн алкагында райондук экотехинспекциянын жетекчиси Болот Жапаров кеңири баяндама жасап, аба, суу, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоодо ар бир жарандын жоопкерчилиги зор экенин түшүндүрдү. Жыйында катышуучулар көтөрүлгөн маселелер боюнча суроолорду берип, кызуу талкуулар жүрдү.

Резолюция кабыл алынып, өнөр көргөзмөсү уюштурулду
Иш-чаранын соңунда долбоорго активдүү катышкан жарандарга «Жаш муун» коомдук уюмунун атынан ыраазычылык каттар тапшырылды. Кенен талкуулардан кийин жалпы катышуучулардын макулдугу менен атайын резолюция кабыл алынды.

Салтанаттын көркүн улуттук боз үй тигилип, ичи салттуу буюмдар менен жасалгаланган көргөзмө ачты. Анда жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көпчүлүктүн көз жоосун алды. Иш-чаранын соңу жылуу маанайдагы кофе-брейк менен уланып, катышуучулар эркин пикир алмашышты.
Даярдаган: Азема Сабырбекова