2023-2024-окуу жылына карата Ысык-Ата районунда билим тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан чоң иштер жасалды. Ошону менен катар Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Осмонов Алмазбек Абдилаковичтин тапшырмасы менен жергиликтүү бийлик тарабынан мектепке керектүү муктаждыктар чечилсе, мугалимдер тарабынан сапаттуу билим талап кылынат. 14 билим берүү мекемеси Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондунун долбоорлоруна ээ болушту.
Район башчысы Алмазбек Абдилаковичтин билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл буруусу жана мугалимдердин даражасын көтөрүү менен катар билим сапатына болгон талабынын жыйынтыгында район тарыхында биринчи ирет “Жыл мугалими-2023” сынагында баш байгеге автоунаа коюлуп , сынактын катышуучулары чоң белектер менен сыйланышты.
“Жыл мугалими-2023” сынагынын жеңүүчүсү
2023-2024-окуу жылында район боюнча 5 мектеп, 1 бала бакчанын имараты пайдаланууга берилет.
Ивановка айыл аймагындагы Ивановка №3-башталгыч мектебине 150 орундуу кошумча имарат курулуп Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 53 809 137 сом каржыланды, Ысык-Ата айыл аймагына караштуу академик А.Мурзалиев атындагы билим берүү мектебине Сауд өнүгүү фонду тарабынан 680миң АКШ доллары бөлүнүп 150 орундуу имарат курулду, Логвиненко айыл аймагына караштуу Новопокровка №2 Н.Баранов мектеп-лицейине Мамлекеттик бюджеттен 48 млн сом бөлүнүп кошумча 225 орундуу мектеп жана Новопокровка айылындагы жаңы конушта Кайрымдуулук фонду тарабынан 24 млн 400 мин сом бөлүнүп 250 орундуу мектептердин курулуш иштери бүткөрүлдү.
Андан тышкары Юрьевка айыл аймагына караштуу Юрьевка айылындагы 70 орундуу “Баластан” бала бакчасынын толук оңдоп-түзөө иштерине жалпы 1 млн. 500 мин сом каржыланды анын ичинен: Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондунан 850 мин сом, айыл өкмөтү тарабынан 600 мин сом жана коомчулуктун салымы 50 мин сом түзөт.
Венера Шонкоева