Улуттук статистика комитетинин маалыматы ылайык 2022-жылы Республика боюнча никелешүүлөрдүн саны кырк сегиз миңди түзсө, ажырашуулардын саны он эки миңди түзгөн. Ошондо никелешкен үй-бүлөлөрдүн 4/1 бөлүгү ажырашкан.
Алымкул кызы Жаңыл “ЮрКаганат” юридикалык фирмасынын жетекчиси
“Жалгыз бой эне” деп күнүмдүк турмушта (жалпак тилде) ажырашып кетип, баласын өзү жалгыз карап келе жаткан энелерди айтышат. Алымкул кызы Жаңыл “ЮрКаганат” юридикалык фирмасынын жетекчиси мыйзам боюнча ажырашып кеткен энелер жалгыз бой болуп саналбайт дейт. Жалгыз бой болуп саналыш үчүн — аялдын расмий никеси жок, баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын аты жазылбаган болушу керек. Бирок, мындай жагдайда алимент алууга мүмкүн эмес.
“Элим барсыңбы? коомдук кайрымдуулук фондунун төрага орун басары, юрист Гүлбарчын Ибраимовага алимент ала албай жүргөн жарандар жардам сурап көп кайрылышат. Юристтин айтымында кирешесин жашырган учурлар көп кездешет. Бирок эч жерде иштебесе да, абакта отурган учурда да алимент төлөнүшү керек экенин белгилейт.
Гүлбарчын Ибраимова “Элим барсыңбы? коомдук кайрымдуулук фондунун төрага орун басары, юрист
Ажырашуу — баланы багуу милдетинен бошотпойт. Ата жана эне балдарына психологиялык, эмоционалдык, материалдык жактан колдоо көрсөтүп, үй-бүлөдөгү бул жагдайды бала үчүн залалсыз өткөрүүсү абзел.
Юристтердин кеңештерин толугураак аудиосюжеттен уксаңар болот.
Венера Шонкоева