Красная Речка айылынын жергиликтүү кенешинин депутаттарынын 45% аял депутаттар түзөт. Бул эл өкүлдөрүнүн айрымдары 2-3 жолу кайра шайлангандыгы, айыл үчүн көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып, ар тараптуу көйгөйлөрдү чечүү менен айыл тургундарынын ишеничине ээ болгондугун далилдейт.
Красная Речка айылынын аймагында 2021-жылы өткөн эл каттоонун жыйынтыгы боюнча калктын саны-7703, анын ичинен аялдардын саны-3961 . Аялдар негизинен айыл чарбада, өндүрүштө, билим берүү жана медицина тармагында, жеке ишкерлик жаатында эмгектенишет.
Ал эми айылдык кеңешинде 21 депутат болсо, анын ичинде 9 аял депутат. Бул көрсөткүч гендердик теңчиликтин шарттарын аткарылганын көрсөтөт жана аял депутаттарга айылдын турмушун жакшыртуу үчүн өз салымын кошушуна өбөлгө түзөт.
Красная Речка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Венера Шаршееванын айтымы боюнча бул көрсөткүч акыркы жылдары кескин түрдө өсө баштаган.
Мисалы, 2006-жылга чейин жергиликтүү кенеште 11 депутат болсо, анын ичинде 2 аял депутат болгон. Ал эми аял депутаттардын саныныны көбөйүшү менен айылдагы бардык социалдык көйгөйлөр көбүрөөк көтөрүлүп, чечиле баштаган.
Бул депутаттардын ичинде өзгөчө ишмердүүлүгү менен таанылган Эльвира Усупбекова айылдык кенеште 10 жылдан бери депутат болуп шайланып келет.
Эльвира Красная Речка айылында төрөлгөн. Улуту кыргыз. Эки жогорку билими бар. Азыркы тапта Жээк айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп эмгектенет.
2001-жылдан бери айылдын инфраструктурасын жакшыртуу жана жаштарды өнүктүрүү үчүн 20дан ашык долбоорлорду жазган.
Мектептин спортзалын ондоп-түзөө, ҮДТ, жаштар үчүн спорткомплексти ондоо, жаштар борбору, суу менен камсыз кылуу, бий залы, кинотеатр,мектепте мультимедиялык борбор ачуу жана башка ушундай сыяктуу долбоорлорду ишке ашырган.
Квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууларды өтүп, 24 сертификаттын ээси болгон. Тажрыйба алмашуу максатында Грузия, Казахстан, Өзбекстан, Болгария, АКШ, Германия мамлекеттерине барып келген.
20 жыл аралыгында бул жетишкендиктерди көрсөтүү менен катар Эльвира Усупбекова жолдошу менен эки уулун тарбиялап келет.
Красная Речка айылынын көптөгөн спортчу балдарын кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярдаган машыктыруучу Талант Сейталиев жаштар үчүн спорткомплекстин ондоо иштери Эльвира Усупбекованын демилгеси менен жүргүзүлүп, таэквондо боюнча ийримди да ачып бергенин билдирди.
Гендердик тенчиликке жетишүү боюнча Улуттук Стратегия аялдарды басмырлоону жок кылууга, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кенейтүүгө, саясатка катышуусуна артыкчылык берүү менен иштелип чыгат.
Венера Шонкоева