Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2010-жылы ишке берилген. Бирок 4 жылдан бери окуучулар спорт аянтчасынын жоктугунан баткакта ойношууда.

Бул туурасында мектеп директору Арзыгүл Шеримбекова төмөнкүгө токтолду.
«Мектептин мурунку директору хоккей жана футбол аянтчасын курууну пландаштырып, бирок кызматтан кетип калган. Азыр футбол аянтчасын курууга аракет кылып көрөбүз, бирок качан бүтөөрүн чынында айта албайм», — дейт ал.

Азыркы убакта баткакта болсо да футбол ойношууда. Алардын бири 7-класстын Сүйүнбек уулу Бекбол.

«Бизге көп күн катары менен жаан жаады, бирок биз баткак болгонго карабастан ойноп жаттык», — дейт ал.

Бекболдун айтуусунда, эгер спорт аянтчанын шарттары жакшы болсо, кийимдери да булганбай, баткакта эмес жашыл аянтчада ойношмок.
Даярдаган: Элина Асанакунова
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн