Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Аймактагы жашоо

Чолпон айылында 800 миң сомго күн энергиясы менен иштеген чырактар орнотулууда

Чолпон айылында борбордук көчөнү түнкүсүн жарыктандыруу үчүн күн энергиясы менен иштеген чырактар орнотулду. Долбоор Кочкор районун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ага 800 миң сом бөлүнгөн. Учурда айылдын борбордук бөлүгүндөгү чырактар …

19 Октябрь 2026 жыл 20:01

Гаарба Орозматов «Чолук баатыр» аттуу жаңы китебин тааныштырды

Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү, белгилүү жазуучу жана акын Гаарба Орозматов «Тогуз-Торо ФМ» коомдук радиосунун түз эфиринде конок болуп, «Чолук баатыр» аттуу жаңы китеби …

19 Октябрь 2026 жыл 19:51

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, бир катар социалдык объекттер пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана …

19 Октябрь 2026 жыл 19:48

Чолпон айыл өкмөтүндө көмүрдүн тоннасы 5500 сомдон сатылууда

Чолпон айыл өкмөтү жергиликтүү тургундарды жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр базасын уюштурду. Учурда Кара-Кеченин Беш-Сары көмүрү тоннасына 5500 сомдон сатылууда. Көмүр базасы мурда пайдаланылбай калган имаратты оңдоп-түзөөдөн …

18 Октябрь 2026 жыл 20:46

Токтогулда Бууракан–Үч-Терек жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлүүдө

Токтогул районундагы Элмирбек Иманалиев айыл аймагында Бууракан–Үч-Терек автоунаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, ага 36 миллион сом бөлүнгөн.

17 Октябрь 2026 жыл 18:23

Ак-Талаада «Манас» маданият фестивалынын XI айлампасы өттү

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы «Жеңиш» паркында «Манас» маданият фестивалынын XI айлампасы өттү. Маданий иш-чара Тайлак баатырдын эрдигин даңазалаган театрлаштырылган оюн-зоок программасы менен башталды. Аны райондук маданият кызматкерлери даярдашкан.

17 Октябрь 2026 жыл 13:44

Баланы тарбиялоодогу ата-эненин орду

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген лидер айымдар Ысык-Көлдө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер …

16 Октябрь 2026 жыл 20:01

Тайлак баатыр-кыргыз элинин эркиндиги, биримдиги жана мекен бүтүндүгү үчүн күрөшкөн инсан

Ак-Талаа районунда Кыргыз элинин эркиндиги, биримдиги жана мекен бүтүндүгү үчүн күрөшкөн Тайлак баатырдын 230 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. К. Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө өтүп жаткан иш-чара Тайлак баатырдын …

16 Октябрь 2026 жыл 19:04

Айылдык аялдар сугат суусу жана климаттык коопсуздук маселелерин депутаттар менен талкуулашты

13-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген 15 аял активист депутаттар менен жолугуп, айыл жериндеги суу тартыштыгы, климаттын өзгөрүшү жана аялдардын чечим кабыл алуудагы ролун талкуулашты.

16 Октябрь 2026 жыл 19:01

Акталаанын Үгүт айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) ачылды

14-октябрда Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага  облустук жана райондук жетекчилер, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун өкүлү шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, айыл аксакалдары …

16 Октябрь 2026 жыл 10:09

Токтогул райондук аялдар кеңешинин иши бааланып, сыйлыктарга татыктуу болушту

2026-жылдын 14-октябрында Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өткөн «Энелердин тилеги — Аалам тынчтыгы» аттуу салтанаттуу иш-чарада Токтогул райондук аялдар кеңешинин өкүлдөрү бир катар сыйлыктарга ээ болушту. Иш-чара элеттеги Энелер күнүнө арналып, …

16 Октябрь 2026 жыл 10:05

Манас шаарында элеттеги энелер күнүнө арналган иш-чара болуп өттү

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында элеттеги Энелер күнүнө карата «Энелердин тилеги — Аалам тынчтыгы» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Манас, Сузак, Таш-Көмүр, Токтогул, Тогуз-Торо …

16 Октябрь 2026 жыл 9:45

Акталаада жаңы социалдык шаарча пайдаланууга берилди

14-октябрда  Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылында жаңы курулган социалдык шаарчанын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М. Камчыбеков, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун өкүлү Шейх …

16 Октябрь 2026 жыл 9:20

Ысык-Көлдө Нарын жана Ысык-Көлдүн лидер айымдары «Кыйын» долбоорунун алкагында жолугушту

«GOVORI.TV» мультимедиалык маалымат агенттиги «Кыйын» долбоорунун алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген лидер айымдар үчүн Ысык-Көлдө тренинг уюштурду. Окутууга жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мугалимдер, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер катышты.

15 Октябрь 2026 жыл 19:56

Күнтүү айыл аймагындагы мектептерге смарт-доскалар тапшырылды

Сокулук районунун Күнтүү айыл аймагындагы үч мектепке заманбап акылдуу доскалар белекке берилди. Бул демилге окуу процессине санариптик технологияларды киргизүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

15 Октябрь 2026 жыл 10:58

Акталаалык окуучу кыз Алматыдагы эл аралык сынакта баш байгени жеңип алды

Ак-Талаа районунун Жалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борборунун тарбиялануучусу Айназик Бекмамытова сүрөт тартуу боюнча эл аралык жаштар  фестивалында Гран-прини жеңип алды. Фестиваль  11–12-октябрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өттү. «The …

15 Октябрь 2026 жыл 10:49

Токтогул: Кара-Тектир айылында жаңы почта имараты пайдаланууга берилди

Токтогул районунун Кара-Тектир айылында заманбап талаптарга жооп берген жаңы почта имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Социалдык мааниге ээ объект Токтогул шаардык мэриясынын демилгеси жана «Атайын эсеп» мамлекеттик мекемесинин каржылык колдоосу менен …

15 Октябрь 2026 жыл 10:46

Токтогул суу сактагычында браконьерликке каршы күрөш күчөтүлөт

​Токтогул районунун аймагындагы Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы күрөшүү максатында райондук ички иштер бөлүмүнө заманбап суу транспорту тапшырылды. Жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, ошондой …

15 Октябрь 2026 жыл 9:40

Түптө мектептер арасындагы рейтингде М.Элебаев атындагы мектеп баш байгени жеңип алды

2026-жылдын 9-октябрында Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чарада билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жыйынтыкталып, үзүрлүү эмгектенген мугалимдер менен тарбиячылар сыйланды.

12 Октябрь 2026 жыл 11:08

Кочкордо үч мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине ээ болду

2026-жылдын 9-октябрында Кочкор районунун Маданият үйүндө Мугалимдер күнүнө карата сыйлык тапшыруу аземи өттү.Салтанаттуу иш-чарада Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин үч мугалими — Чолпон Бейшекеева, Гүлира Сатарова жана Назгүл …

12 Октябрь 2026 жыл 11:01
Дүйшөмбү
19 Тогуздун айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...