Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Аймактагы жашоо

Кочкордук мугалимдер «Жыл мугалими-2026» республикалык сынагында байгелүү орундарды ээлешти

Республикалык «Жыл мугалими-2026» сынагынын финалдык туру жыйынтыкталып, Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери байгелүү орундарга ээ болушту. Айсулуу Эшимбек кызы «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча 1-орунду, …

30 Сентябрь 2026 жыл 17:01

Тогуз-Тородо «Биримдик кербенине» катышкан жарандар сыйланды

Тогуз-Торо районунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» жалпы улуттук руханий-маданий жүрүшүнө активдүү катышкан жарандарды сыйлоо аземи өттү.

30 Сентябрь 2026 жыл 16:41

Эки-Нарында мугалимдер арасында спорттук спартакиада өттү

26-сентябрда Нарын районунун Эки-Нарын айылында мугалимдердин кесиптик майрамына карата спорттук спартакиада өткөрүлдү.

30 Сентябрь 2026 жыл 16:30

Кочкор айылынын борборунда жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Кочкор айылынын борборун көрктөндүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу максатында 27 млн сом бөлүнгөн. Анын 10 млн сому көчөлөрдү жарыктандыруу иштерине багытталган.

30 Сентябрь 2026 жыл 16:23

Акын-жазуучу Бермет Алымбаева окурмандар менен жолукту

«Кыргыз тил — элдин жүрөгү, адабият — дилдин мүрөгү» аталышындагы Мамлекеттик тил айлыгынын алкагында «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Айчүрөк» лицейи филиалында акын, котормочу, педагог, жазуучу, Улуттук жазуучулар союзунун …

30 Сентябрь 2026 жыл 16:07

Акталаада «Өрнөктүү өмүр, бактылуу үй-бүлө» кечеси өттү

1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү тарабынан эмгек жолу, үй-бүлөлүк баалуулуктары жана коомдук турмуштагы активдүүлүгү менен жаштарга үлгү болгон 50 жаштан жогорку үй-бүлөлөрдү даңазалоо максатында …

30 Сентябрь 2026 жыл 13:31

Токтогул районунда окуучулар арасында шахмат боюнча райондук биринчилик өткөрүлдү

Токтогул шаарындагы №4 Бримкулов атындагы мектепте окуучулар арасында шахмат боюнча райондук биринчилик өткөрүлдү. Мелдешке аймактан 6 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар катышты.

30 Сентябрь 2026 жыл 12:58

Кызыл-Туу айылында 1 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлүүдө

Күнтүү айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында Табышалиева көчөсүнүн 1 чакырым 100 метр бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

29 Сентябрь 2026 жыл 16:54

Тогуз-Торолук спортчулар облустук спартакиадада байгелүү орундарга ээ болушту

Аксы районунда майыптыгы бар жарандар арасында XV Жалал-Абад облустук спартакиадасы өткөрүлдү.Спорттук иш-чарага Жалал-Абад облусунун райондорунан спортчулар катышып, спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча күч сынашты.

29 Сентябрь 2026 жыл 16:51

Тогуз-Тородо шахмат боюнча «Акимдин кубогу» өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунда жаштар арасында шахмат спортун өнүктүрүү жана популярдаштыруу максатында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү.Мелдешке райондогу жалпы билим берүүчү мектептерден 6 жаштан 18 жашка чейинки окуучулары катышып, шахмат боюнча чеберчиликтерин жана …

29 Сентябрь 2026 жыл 16:41

Тогуз-Тородо таланттуу балдар арасында кароо-сынак өттү

ТТогуз-Торо районунда 5 жаштан 18 жашка чейинки таланттуу балдар арасында «Талантың болсо өргө чап, таанылып өсүп элге жак» аттуу кароо-сынак өткөрүлүп, анын алгачкы баскычы жыйынтыкталды.

29 Сентябрь 2026 жыл 16:33

Токтогул шаарында коммуналдык кызматтардын материалдык базасы жаңыланды

Токтогул шаарында коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Бул максатка Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 5 миллион 721 миң сом бөлүнгөн.

29 Сентябрь 2026 жыл 10:51

Ак-Талаанын Чолок-Кайында дамба куруу иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районундагы  Ала-Буга айыл аймагына караштуу  Чолок-Кайын айылынын түштүк тарабындагы Шырдакбектин сайы участкасында жээк эрозиясынын алдын алуу жана турак жайларды коргоо максатында дамба куруу иштери жүргүзүлүүдө. Жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүүгө …

28 Сентябрь 2026 жыл 16:24

Токтогулдук спортчулар облустук спартакиадада II орунду ээледи

​Токтогул районунун спортчулары майыптыгы бар жарандар арасында өткөн XV Жалал-Абад облустук спартакиадасында командалык эсепте II орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болушту.

27 Сентябрь 2026 жыл 10:23

Күнтуу айыл өкмөтүндө аксакалдарга сый-урмат көрсөтүлдү

Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында Күнтуу айыл өкмөтүндө коомдун ынтымагын бекемдөөгө салым кошкон аксакалдар сотунун кызматкерлери жана ардагерлери сыйланды.

26 Сентябрь 2026 жыл 21:01

Күнтуу айыл аймагында Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

Күнтуу айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата мектептерде жана бала бакчаларда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаралардын негизги максаты — жаш муундарга эне тилинин кадыр-баркын жеткирүү жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо.

26 Сентябрь 2026 жыл 9:47

Токтогулда Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Ишкерлер күнү белгиленди

Токтогул районунда Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Ишкерлер күнү белгиленди. Майрамдык иш-чарада райондун өнүгүүсүнө жана социалдык-экономикалык абалына салым кошкон бир катар адистер менен ишкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

25 Сентябрь 2026 жыл 0:38

2027-жылдын 27-январында Президенттик шайлоо өтөт

24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кезектеги президенттик шайлоону дайындоо боюнча маанилүү токтом кабыл алынды. Эл өкүлдөрүнүн чечими менен өлкө башчысын шайлоо 2027-жылдын 27-январга белгиленди. Бул документти 86 депутат колдоп добуш берди.

24 Сентябрь 2026 жыл 23:50

Тогуз-Торонун акими райондун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди

Тогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу түз эфир учурунда жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, райондун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги ири долбоорлор тууралуу айтып берди.

24 Сентябрь 2026 жыл 18:41

Тогуз-Тородо «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» аталышындагы тазалык акциясы өттү

Бүткүл дүйнөлүк Тазалык күнүнө карата Тогуз-Торо районунда «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» аталышындагы тазалык акциясы өткөрүлдү. Иш-чараны Тогуз-Торо жаштар кеңеши уюштуруп, район аймагында масштабдуу тазалык иштери жүргүзүлдү.

24 Сентябрь 2026 жыл 18:37
Шейшемби
20 Тогуздун айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...