Республикалык «Жыл мугалими-2026» сынагынын финалдык туру жыйынтыкталып, Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери байгелүү орундарга ээ болушту. Айсулуу Эшимбек кызы «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча 1-орунду, Эльмира Илипова «Көркөм сүрөт искусствосу» предмети боюнча 2-орунду ээледи.
Айсулуу Эшимбек кызы жана Эльмира Илипова республикалык сынактын үч баскычын тең ийгиликтүү басып өтүштү.

«Жыл мугалими» республикалык финалдык турунун 1-орундун жеңүүчүсү Айсулуу Эшимбек кызы
Сынактын биринчи турунда педагогикалык кырдаалдарды чечүү, методика жана предметтик тест боюнча тапшырмалар берилген.
Экинчи турда катышуучулар мыкты мастер-класстарын тартуулашкан.
Үчүнчү турда тил табышуу жөндөмү жана билим берүүдөгү жаңычылдыктарды көрсөткөн сабактар көрсөтүлгөн.
Сынактын жыйынтыгында Айсулуу Эшимбек кызы «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча 121 балл топтоп, 1-орунду ээледи. Ал 500 миң сомдук сертификатка ээ болду.

» Жыл мугалими» республикалык финалдык турунун 2-орундун ээси Эльмира Илипова
Ал эми Эльмира Илипова «Көркөм сүрөт искусствосу» предмети боюнча чыгармачылык дараметин көрсөтүп, 113 балл топтоп, 2-орунду ээледи.
Даярдаган: Тахмина Абдилбек кызы