Кочкор районундагы Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Гулзар Андагулова «Окуйбуз, Жазайбыз, Изилдейбиз» долбоорунун сынагына катышып өз окуучулары менен 1-орунду камсыз кылып келишти.
Гулзар Андагулова окуучулары менен
Гулзар Андагулова башталгыч класстын мугалими: «Окуйбуз, жаcайбыз, изилдейбиз» долбоорунан биринчи орунду алып келдик. Бул долбоордо негизги берилген жобо боюнча классыбыздан топ түзүп алдык. Мектептин, айылдын китепканаларына барып көркөм адабият, энциклопедияларды окуп, изилдеп чыктык.
Бизге 3-4-класстарга берилген тема «Кыргыз элинин улуттук маданиятты» болгон. Анын ичинен ат жабдыгы болгон камчыны алдык. Камчы темасын алганыбыздын себеби азыркы заманда техниканын өнүгүшү менен баардык нерсе машина менен каттап, ат менен жүрүүнү унутуп баратыппыз. Мындай айтканда камчыны унутуп калыппыз. Колубузда камчы болсо да ал эмнени түшүндүрөт? Мааниси эмне экендигин, анын түрлөрүн билбейт экенбиз.
Долбоордун сынагында ат жабдыгынын бири болгон камчыны, аттын ачкычы деп ачып бердик. Анткени учурдагы биз минип жүргөн машиналардын ачкычы жок жүрбөйт, ошондой эле ат да камчысы жок жүрө албайт. Ушуга байланыштырып камчыны машинанын ачкычына салыштырдык. Биринчи даражадагы диплом менен сыйланып кийинки областтык сынакка жолдомо алдык.
Изилдөө учурунда камчынын түрлөрүн билдик. Алар элик сап камчы, табылгы сап камчы, өрүк сап камчы, ыргай сап камчы, мүйүз сап камчы, канжар сап камчы, мырзал сап камчы болуп бөлүнөт
Өрүндөрдүн түрлөрү үч өрүмдөн тогуз өрүмгө чейин бар. Сегиз, тогуз өрүндүлөр татаал болгондуктан, сынактан балдар үч өрүндүнү көрсөтүштү.
«Окуйбуз, Жазайбыз, Изилдейбиз» долбоорунан биринчи орунду алып келдик
Гулира Сатарова, Кусейин Марат уулу