Тогуз-Торо районунда айыл аймактар арасында 5 жаштан 18 жашка чейинки таланттуу балдар арасында «Талантың болсо өргө чап, таанылып өсүп элге жак» аттуу кароо-сынак өткөрүлдү. Кароо-сынакта райондун ар кайсы айыл аймактарынан келген жаш таланттар райондук чоң сахнада өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.
Сынактын жыйынтыгында Каргалык айыл өкмөтүнөн катышкан жаш таланттар байгелүү орундарга ээ болушту.
Иш-чаранын соңунда сынакка катышкан бардык балдарга акчалай сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.

Даярдаган: Аделина Бейшеналиева