1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата Казарман айылында 65 жаштан жогорку кадырман карылардын катышуусунда майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Каргалык айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, анда ардактуу аксакалдарга сый-урмат көрсөтүлүп, алардын эмгеги жана коомдогу орду белгиленди.

Майрамдык иш-чарада Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев кадырман карыларды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктап, алардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду өзгөчө экенин белгиледи.

Иш-чарага Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Индира Курманалиева, депутат Назгүл Атамкулова жана Тогуз-Торо коомдук фондунун төрагасы Урмат Токтожумаев катышып, кадырман карыларга жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.

Майрамдык кечеде маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды. Ыр-бийлер менен коштолгон кечеде улуу муун өкүлдөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Кадырман аталар өздөрүнүн акыл-насааттарын айтып, уюштурулган оюндарга активдүү катышып, белектерге ээ болушту.
Иш-чаранын соңунда аксакалдардын бири ак батасын берип, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева