Каргалык айыл аймагында аярлуу катмардагы окуучуларга социалдык колдоо көрсөтүлдү. Демилгенин алкагында аймактагы 5 мектептин окуучуларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен китеп текчелер берилсе, мектептер тарабынан парталар белекке тапшырылды.
Каргалык айыл өкмөтү тарабынан 18 жашка чейинки жана 1-2-3-топтогу майыптыгы бар жарандар чакырылып, фуршет уюштурулуп, чакырылган конокторго акчалай белектер берилди.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, Райондук аялдар кеңешинин төрайымы Венера Эпээва, Каргалык айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Рада Мамбеталиевалар …