Каргалык айыл аймагында аярлуу катмардагы окуучуларга социалдык колдоо көрсөтүлдү. Демилгенин алкагында аймактагы 5 мектептин окуучуларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен китеп текчелер берилсе, мектептер тарабынан парталар белекке тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймак башчысы Марлис Олжотоев бул колдоо балдардын билим алуусуна шарт түзүп, алардын келечекте туура кесип тандоосуна багыт берерин белгиледи.


Мындан тышкары, ата-энелерге кайрылуу жасалып, ар бир балага үй шартында билим алууга көңүл буруу, керектүү окуу куралдары менен камсыз кылуу маанилүү экени айтылды. Ошондой эле мугалимдер менен тыгыз байланышта болууга чакырык ташталды.
Белгилей кетсек, мындай колдоолор окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жана алардын окууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Анара Мааметова