Кочкор райондук маданият үйүндө «Ак-Булут» кайрымдуулук фондунун демилгеси менен билим берүү тармагына арналган форум өттү. Иш-чарага райондун мугалимдери, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Форумдун алкагында билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине арналган панелдик талкуу уюштурулду. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагог-новатор Гапыр Мадаминов, «Калем Лидерлер Академиясынын» негиздөөчүсү Ибраев, акын Алтынбек Исмаилов, академиянын аткаруучу директору Талант Ниязбеков жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозмамбет Солтобаев катышты.

Талкууда билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору жана мектептердин ишин жакшыртуу боюнча сунуштар айтылып, катышуучулар тажрыйба алмашты.

Иш-чара учурунда Гапыр Мадаминов ата-энелерге өзүнүн педагогикалык тажрыйбасын тааныштырып, «Мугалим — окуучу — ата-эне» үчтүгүнүн тыгыз байланышы жана балдарды өз алдынча билим алууга үйрөтүү концепциясы тууралуу айтып берди.
Форумдун соңунда Кочкор районунун бир катар тургундары, анын ичинде мугалимдер, бала бакчалардын тарбиячылары жана медайымдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Мындан тышкары, «Ак-Булут» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Ишенаалы Арабаев атындагы мектепке Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа, ал эми эки мектепке интерактивдүү панелдер тапшырылды.
Даярдаган: Нурия Карымбаева