Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: кайрымдуулук

«Ак-Талаа айымдары» фонду ишин баштады

Ак-Талаа районунда  “Ак-Талаа айымдары” коомдук фонду түзүлүп, өз ишин баштады. Айымдардын башын бириктирүү, ынтымакка чакыруу жана кайрымдуулук иштерин көздөгөн фонддун ачылышына аксакалдар, жергиликтүү жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Таласта майыптыгы бар 45 балага кайрымдуулук иш-чара өткөрүлдү

Таласта майыптыгы бар 45 балага майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул туурасында Талас жаштар демилгелүү тобунун жетекчиси Талгат кызы Жылдыз билдирди. 

«Жардам Талас» демилгелүү фонду айымдарга киреше тапканга шарт түзүүдө

30 жаштагы Талгат кызы Жылдыз 6 жылдан бери “Жардам Талас” демилгелүү фондду жетектеп, кайрымдуулук иштерди жасап келет. “Жардам Талас” фонддун жаш ыктыярчыларын, үйдө отурган үй кожейкелерин жумуш менен камсыздап турат. …

Алияна жардамга муктаж

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын кичинекей тургуну Алияна Жумагулова кандын курч лимфобласттык лейкоз (кан рагы) оорусу жабыркап келет. Ага дарылануу үчүн чоң суммадагы каражат талап кылынууда.

Улан Масиров: Окуучуларыма кайрымдуулукту үйрөтүп келем

Акман айылынын тургуну Улан Масиров 29 жашта, азыркы учурда №6 Б. Осмонов атындагы гимназия мектебинин информатика мугалими. Ал билим берип тим болбостон, балдарга кайрымдуу болууну да үйрөтүп келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген …

Кочкор районунун 250 үй-бүлөсүнө гуманитардык жардам берилди

Бүгүн 18-март күнү Кочкор районунун ар бир айыл өкмөтүнүн жардамга муктаж үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам берилди.

Коомдук ишмер окуучуларды келечекке тарбиялоону колго алууда

Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургуну Максат Кубанчбеков Корчубек Акназаров орто мектебине келип балдарга тарбиялык мааниде 9-11-класстардын окуучуларына сабак өттү. Коомдук ишмер балдардын кийинки жашоосунда мамлекетке пайдасын тийгизген жаштардан болуп өсүүсүн …

20 жылдык бүтүрүүлөрдөн кайрымдуулук

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 2001-2002-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык кечени өткөрүү менен  айыл элине кайрымдуулук иштери жүргүзүштү. Алар Казан-Куйган жана Оттук айылдарында жашаган 10 үй-бүлөгө …

Суусамыр: Айыл эли акысыз медициналык жардам алышты

25-26-27-апрель күндөрү Суусамыр өрөөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Азыгалиевдин демилгеси менен айыл элинин ден-соолугун чыңдоо максатында “Хиппократес” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ли Жухваг мырза баштаган дарыгерлер тобу келип, калкты акысыз …

«Ас-Сафа» фондусу тарабынан кайрымдуулук көрсөтүлдү

Тогуз-Торо районундагы Атай айылына пандемия учурунда, «Ас-Сафа»коомдук фондусу тарабынан жергиликтүү тургундарга жардам берилди.

Шайык, Чоңко, Алмамат айылдарына таза суу чыгарылды

Ас-Сафа кайрымдуулук фонду тарабынан Токтогул районуна караштуу Шайык,Чоңко, Алмамат айылдарына таза суу чыгарылды. Үч айылда биригип жалпы 283 түтүн кожолук таза суу менен камсыз болду.

Мигрант айымдын мекенге кошкон салымы

Айзада Станбек кызы Кореяда жашап, иштеп жатканына жети жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыгында ал чет өлкөдө кубанычтуу да, кайгылуу да күндөр башынан өткөргөн. Өзүбүз алыста болсок дагы, өлкөбүзгө салым …

Мекенге күйгөн мигрант айымдар

Угулай Гапарова кичи мекени Баткен облусунун Орозбеков айылына пандемиядан бери кайрымдуулук кылып келет. Бул максатта ал  Кыргызстанда жана чет өлкөдө эмгектенген жетимишке чукул кыргыз айымдарынын башын бириктирген. Угулай айым, бизге …

Мугалим: «Биз биргебиз» акциясын өткөрдүк

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалимдери «Биз биргебиз» акциясын өткөрдү. Акцияга мектептин мугалимдери катышып, топтолгон акчага мектептеги мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга акчалай жана таттуулар алынып, үйлөрүнө барып тапшырылды.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды бир гана күн эске алабыз»

Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунун кол өнөрчүлүк ийриминин жетекчиси Венера Молдокунова жана шахмат ийриминин жетекчиси Мээрим Кубанычбекова кайрымдуулук иш-чара өткөрүштү. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо катары жарыяланган бир айлык акциянын алкагында  …

«Боорукер бол» кайрымдуулук фонду атасыз балдарга үйлөнүүгө жардам берүүдө

«Катар» кайрымдуулук фонду сунушталган мүмкүнчүлүгү чектелген он сегиз баланы үйлөндүрүштү. Үйлөнгөн жаш жубайлар атайын критерийлерге ылайык келген жарандар.

Суусамырдагы муктаж үй-бүлөлөр көмүр менен камсыз болду

«Ас Салам» фонду тарабынан Суусамыр элине жардам катары 9 камаз көмүр түшүрүлүп, аз камсыз үй- бүлөлөргө таратылып берилгендиги белгилүү болду.

Жергиликтүү калк дары-дармектер менен камсыз болууда

Суусамыр айыл аймагынын кайдыгер эмес инсандары жана жамааттар, жергиликтүү кеңеш, такси айдоочулар, 1992-жылы төрөлгөн жигиттер, Жаштар уюму жана жеке инсандардын чогулткан акчасына дары-дармектер алынып, бүгүнкү күндө айыл элине борбордон алынган …

“Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинен жардам

“Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин активдүү мүчөлөрү аталган коомдук бирикменин төрайымы Кишимжан Таштакеева, экс-губернатор Койсун Курманалиева, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Арзыкан Момунтаева, коомдук ишмер Мурат Шамил, журналист Козубек Иманкулов, баатыр …

Ырчы Анжелика Суусамыр өрөөнүнө келип жардам көрсөттү

Кыйын кырдаалда Кыргызстандын жети облусунун айылы, шаары дебестен кайрымдуулук кылып элдерге керектүү дары-дармектерди тараткан белгилүү ырчы Анжелика Суусамыр айылынын дарыгерлерине эң керектүү болгон Клексан, Гепарин препараттарын, бир даана кычкылтек концентраторун …

Бейшемби
18 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...