Таласта майыптыгы бар 45 балага майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул туурасында Талас жаштар демилгелүү тобунун жетекчиси Талгат кызы Жылдыз билдирди.
“Жума күнү айрыкча көп иш-чараларды өткөрүп турабыз. Бул балдарга арналган иш-чарага 39 000 сомдой акча каражаты чогулду. Ч. Айтматов району, Талас шаары, Бакай-Ата районунан баардыгы биригип 45 бала келип катышты. Бул иш-чаранын максаты майыптуулугу бар балдарды карап, үйдө отурган энелердин маанайын көтөрүү жана балдарга жагымдуу маанай тартуулап, көңүлдөрүн көтөрүү болду. Балдарга 45 даана белек баштыкчаларын даярдадык. Энелер үчүн атайын конкурс уюштуруп, белектерди бердик. Тамак- аш бердик. Алып баруучу Кутберди деген тамада болду. Кайрымдуу инсандардын чогулган акчасына жакшы иш-чара өткөрүп бердик”, — деп билдирет өз маегинде Талгат кызы Жылдыз.