Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде «Конуш балдары Аракетте» аталыштагы жети жаңы конуштун мектеп окуучулары үчүн уюшулган маданий иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын максаты: мектеп окуучуларынын өз мүмкүнчүлүктөрүн, жөндөмдүүлүктөрүн жана эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен иш чөйрөсүн эркин тандоо шарттарында кесиптик өз алдынча аныктоону өнүктүрүү жана ошондой эле балдардын таштандыларды сорттоонун мааниси жана тиричилик таштандыларын кайра иштетүү жана кайра пайдалануу ыкмалары жөнүндө билимдерин кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү болду.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицей
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде “АРАКЕТ – Кыргызстандагы жаңы конуштарда жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Бишкектин 7 максаттуу жаңы конушунун мектеп окуучулары үчүн маданий жана бош убактысын пайдалуу өткөрүү иш-чарасы уюштурулду. Бул иш-чарага мектеп окуучулары, “Ак-Жар”, “Адилет”, “Алтын-Казык”, “Дордой-2”, “Ак-Ордо 2”, “Ак-Ордо 3” “Ала-Тоо 3”жаңы конуштарынын коомдук активисттери, GFA Consulting Group кыргызстандагы өкүлдөрү, “Аракет” долбоорунун өнөктөштөрү катышышты.
№43 кесиптик лицейдин окуучулары кыргыз каада салттык ырым жырым ырларынын маанисин чечмелөө менен табиятка аяр мамиле кылуу керектиги жөнүндө театрлаштырылган сценка көргөзүштү
Бул иш чаранын негизги максатын ишке ашырууга “Тазар” компаниясы таштандыларды сорттоо жана экологиянын бузулушу тууралуу, ал эми ЮНИСЕФтин (Бириккен Улуттар Уюмунун балдар кору) ыктыярчылары жаштар үчүн стажировкалар, ыктыярчылыктын пайдалуу жактары жөнүндөгү маалыматтары менен бөлүшүп чоң салымдарын кошууда.
№43 кесиптик лицейдеги «Тигүүчү» кесибинин окуучуларынын колунан жаралган «Таштандыдан киреше табуу» көргөзмө бурчу. Бул бөлмөдө эски кийилбей калган кийимдерден куралган олпоктор жана ар кандай турмуш тиричиликке керектүү буюмдар бар.
№43 кесиптик лицейдеги тигүүчүлүк кесибинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар окушат. Алар өндүрүштүк практикалык сабагы учурунда ар кандай буюмдарды жасашат.
Жети конуштан келген мектеп окуучуларына №43 кесиптик лицейге экскурсия уюштурулуп, көңүлдүү маанай тартууланды
Турсун Омуралиева