Күнтуу аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери жана тургундар биргеликте тазалык акциясын өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында коомдук жайлар, мекемелердин айланасы, парктар, дүкөндөрдүн тегереги жана Маловодное айылынан Бишкек–Кара-Балта автожолуна чейинки жол боюндагы аймактар тазаланды.

Тазалык акциясына мектеп мугалимдери да активдүү катышып, коомдук жоопкерчиликке чакырышты.
Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Айдай Джолчубекова тазалыкты сактоо ар бир жарандын милдети экенин белгиледи.
«Тазалык мекен таануудан башталат. Өсүп келе жаткан муунга үлгү көрсөтүп, айылыбызды көрктөндүрүүгө чыктык. Тилекке каршы, айрым жарандардын эс алган жерлерине таштанды таштап кеткен учурлары кездешет. Бүгүн башкалар таштап кеткен калдыктарды мугалимдер жамааты өз колубуз менен терип жатабыз. Тазалыкты талап кылуудан мурда, ар бир адам өзү таштанды таштабоого жоопкерчилик менен мамиле кылса дейт элем. Таза айыл баарыбыздын жалпы үйүбүз», — деди мектеп директору.

Ал эми мектептин тарых сабагынын мугалими Бекташ Эргашов акцияга мекеме кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышканын айтты:
«Бүгүн кесиптештерибиз менен биргеликте айылыбызды көрктөндүрүүгө чыктык. Жергиликтүү тургундардын жана мекеме жетекчилеринин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштегени бизди абдан кубандырды. Өсүп келе жаткан муунга үлгү көрсөтүп, туулган жерибизди таза кармоо — ар бирибиздин милдетибиз», — деди Бекташ Эргашов.
Тургундар тазалыкты бир күндүк иш-чара катары эмес, күнүмдүк адатка айландыруу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле мындай иш-чараларды мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүү пландалууда.
Тазалык акциясына Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери да катышты.
Даярдаган:Жанар Алгожоева