Чүй облусунун Сокулук районунда 2026–2027-окуу жылына карата окуу китептерин мектептерге жана окуучуларга жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө. Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, жалпы 47 мектептеги 47 013 окуучуга 363 975 окуу китеби таратылды.
Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Алтынай Сапынованын айтымында, 2026–2027-окуу жылына карата райондогу мектептерге окуу китептерин камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп, кошумча 122 813 китепке өтүнмө берилген.
Анын маалыматына караганда, окуу китептери Агартуу министрлигинен этап-этабы менен келип турат. Китептерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү боюнча тиешелүү ведомосттор түзүлүп, андан кийин мектептерге бөлүштүрүлөт.
Китепканачы Венера Таалайбекова
Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, китеп сактоочу жайдын көлөмү чектелүү болгондуктан, жаңы келген китептерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү иштери жүрүп жаткан учурда алардын айрымдары убактылуу сыртта жайгаштырылышы мүмкүн.
Буга байланыштуу социалдык тармактарда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүндө окуу китептери таратылбай, сыртта топтолуп турганы тууралуу видео тараган. Билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.
Ошондой эле райондо окуу китептеринин мыйзамсыз сатылышына жол бербөө максатында түшүндүрүү жана көзөмөл иштери жүргүзүлдү.
Сокулук районунун усулчусу Асыл Кожомбердиева, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери менен биргеликте базарларга, дүкөндөргө жана башка соода түйүндөрүнө рейд өткөрүштү. Анда «Учкун» басмаканасынан басылып чыккан окуу китептерин сатууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Рейддин жыйынтыгында окуу китептеринин мыйзамсыз сатылышы боюнча фактылар катталган эмес.

Билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, окуу китептери тонна менен эмес, даана нуска менен эсептелет. Министрликтен жаңы китептер үзгүлтүксүз келип тургандыктан, аларды кабыл алуу, эсепке алуу жана мектептерге өткөрүп берүү иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт.
Бөлүмдүн өкүлдөрү окуу китептерин таратуу боюнча иштер улантылып жатканын белгилешти. Алардын маалыматына ылайык, учурда Сокулук районундагы 47 мектептин 47 013 окуучусуна 363 975 окуу китеби таратылды.
Окуу китептери менен камсыздоо иштери жаңы окуу жылынын жүрүшүндө да улантылат.
Даярдаган:Жанар Алгожоева