Кочкор районундагы №3 Чолпон айылдык китепканасында китепкана кызматкерлеринин кезектеги семинары өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө заманбап китепкана ишин уюштуруу, окурмандарды тартуунун жаңы ыкмалары жана маданий иш-чараларды өткөрүү тажрыйбалары талкууланды.
Семинарга Кочкор райондук Исабек Исаков атындагы маалыматтык китепкананын директору Бурулсун Султаналиева катышып, заманбап китепканачылардын иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле залкар акын Кубанычбек Маликовдун 115 жылдыгына арналган маданий кеченин уюштурулушу тууралуу айтып берди.
Ай сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келген семинар китепкана кызматкерлери үчүн тажрыйба алмашуунун жана жаңы ыкмаларды үйрөнүүнүн аянтчасы болуп келет.

Бурулсун Султаналиева №3 Чолпон айылдык китепканасынын китепканачысы Динара Кадырованын жигердүү эмгегин өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, китепканачы окурмандар менен чыгармачылык багытта иш алып барып, алардын колунан жасалган көргөзмөлөрдү уюштуруп, ар кандай ийримдер аркылуу китепканага болгон кызыгууну арттырып келет.

Айылдык китепкананын имараты чакан болгонуна карабастан, анда заманбап маалыматтык мүмкүнчүлүктөр да колдонулууда. Тактап айтканда, WhatsApp тайпалары жана Facebook баракчалары аркылуу китепканадагы жаңылыктар, иш-чаралар жана пайдалуу маалыматтар жергиликтүү тургундарга кеңири жеткирилүүдө.
Семинардын маданий бөлүгү залкар акын, калемгер Кубанычбек Маликовдун 115 жылдык мааракесине арналды. Иш-чарада акындын өмүр жолу, чыгармачылыгы жана ырлары окурмандардын катышуусунда кеңири чагылдырылды.

«Жөн гана китеп оку дебей, иштин жаңы формасы менен окурмандарды ошого өзүлөрүн катыштырып, активдүү иштесек, иш оңой жана кызыктуу болот. Жеке гана Кубанычбек Маликовду эмес, башка жазуучулардын дагы чыгармаларын окуп, китепкана аркылуу таанышсак болот», — деп кошумчалады Бурулсун Султаналиева.

Китепкана кызматкерлери окурмандарды жөн гана китеп окууга чакырбастан, аларды чыгармачылык иш-чараларга активдүү тартуунун жаңы формаларын колдонуп жатышат. Мындай ыкма балдардын жана жаштардын адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.
Бурулсун Султаналиева белгилегендей, окурмандарды иш-чараларга активдүү катыштыруу менен бирге Кубанычбек Маликовдун гана эмес, башка акын-жазуучулардын чыгармаларын да таанытууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Китепкана бардык курактагы тургундар үчүн ачык коомдук жай катары кызмат кылат. Семинарга катышкан Чолпон айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Закир Козубеков да китепкана кызматкерлерине жылуу каалоосун айтып, эмгектерине ак батасын берди.
Райондук китепкана тармагынын директору Бурулсун Султаналиева айылдык китепканалардын ишине көңүл буруунун маанилүүлүгүн белгилеп, китепканалардын шартын жакшыртуу жана кызматкерлердин эмгегин колдоо коомдун маданий өнүгүүсүнө салым кошорун айтты.
Семинардын соңунда катышуучулар китепкана ишин өркүндөтүү, окурмандарды тартуунун жаңы формаларын колдонуу жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу пикирлерин бөлүштү.
Даярдаган: Илима Жумабаева