Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: мектеп

Кочкордогу мектеп окуучулары Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

Нарын облусунун Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9–11-класстарынын окуучулары жана мугалимдери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына экскурсияга барышты. Сапардын жүрүшүндө алар парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышып, депутаттардын …

Акталаада ата-энелер жана окуучулар үчүн психологиялык окуулар өтүүдө

Ак-Талаа районунда  27–28-октябрь күндөрү Бишкек шаарынан келген жогорку билимдүү психологдор тарабынан ата-энелерге жана окуучуларга психологиялык окуулар өткөрүлдү.

Күнтүү айыл аймагындагы мектептерге смарт-доскалар тапшырылды

Сокулук районунун Күнтүү айыл аймагындагы үч мектепке заманбап акылдуу доскалар белекке берилди. Бул демилге окуу процессине санариптик технологияларды киргизүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Чолпон: Мектепте туура тамактануу жана жеке гигиена боюнча иш-чара өткөрүлдү

8-октябрда Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун чыңдоого, туура тамактануу жана жеке гигиена боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чара өткөрүлдү.Семинар “Суу, санитария жана гигиена” (WASH) …

Сокулук районунда 47 миңден ашуун окуучуга окуу китептери таратылды

Чүй облусунун Сокулук районунда 2026–2027-окуу жылына карата окуу китептерин мектептерге жана окуучуларга жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө. Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, жалпы 47 мектептеги 47 013 окуучуга 363 975 окуу …

Дөбөлү айылындагы мектепке Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы келди

Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебине Тынчтык Корпусунун K-32 тобунун ыктыярчысы Гвендолин Урбен келди.

Кочкордо жаңы эки мектеп пайдаланууга берилди

11-сентябрда Кочкор районунда  эки мектептин  жаңы имараты пайдаланууга берилди. Мектептин салтанаттуу ачылышына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаттары катышышты.

Чолпон айылында ата-энелер декадасы өтүп жатат

Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” аталышындагы ата-энелер декадасы өтүп жатат. Иш-чарага мектептин бардык класс жетекчилери бирдей активдүү катышып, өз салымын кошушту. Иш-чаранын жүрүшү тууралуу …

Акталаадагы мектепте капиталдык ондоп-түзөө иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ж.Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланууда. Бул тууралуу мектеп …

Нарында Улуттук педагогикалык форумдун регионалдык этабы өттү

2-сентябрда Нарын шаарында «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы Улуттук педагогикалык форумдун регионалдык этабы өттү. Нарын облусу форумдун регионалдык этабы өткөрүлгөн алгачкы аймак болуп, иш-чарага билим берүү …

Суусамырдагы мектептин сырты жаңыртылууда

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр жалпы билим берүү орто мектебинин сыртын жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Билим берүү мекемелеринде кышка даярдык көрүлүүдө

Билим берүү мекемелеринде калыбына келтирүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Аймактагы бала бакча жана мектеп окуу жылына жана кышкы мезгилге карата жылуулук системаларын толугу менен жаңылап, түрткү берүүчү гранттардын жана …

Өмүр Токтосунов атындагы мектепте жаңы окуу жылына даярдык көрүлүүдө

Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2026–2027-окуу жылын жаңы шартта тосуп алуу үчүн даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда мектептин ичинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, окуу кабинеттерин, коридорлорду жана жалпы …

Суусамыр айылындагы мектептин сырткы эшиктери жаңыланууда

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинин сырткы эшиктери жаңыланып жатат.

Чүй облусунда жылдын мыктылары аныкталды

Чүй облусунда педагогикалык чеберчиликти арттыруу, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана мугалимдердин кесиптик кадыр-баркын жогорулатуу максатында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими – 2026” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026” сынагы жыйынтыкталды.

Сокулук: Г. Капарова мектебинде кыргыз тилинен мамлекеттик экзамен ийгиликтүү өттү

2-июнь күнү Сокулук районунун Новое айылындагы Г. Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү күн болуп, кыргыз тилинен мамлекеттик жыйынтыктоочу экзамен тапшырылды.

Суусамыр: мектептерде жайкы оңдоо иштери башталды

Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагындагы Конушбаева Кадырбек атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинде жайкы оңдоо иштерине даярдык көрүлүп, ремонт иштери башталды.

Чолпон айылындагы мектептин жылуулук системасы жаңыланууда

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоо иштери этап-этабы менен ийгиликтүү уланууда. Быйылкы жылы мектептин ички жылытуу тутумун толугу менен жаңылоо үчүн 3 …

Дөбөлүдө “Акыркы коңгуроо” салтанаты жогорку деңгээлде өткөрүлдү

Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарган жана бүтүрүүчүлөрдү чоң турмушка узаткан “Акыркы коңгуроо” салтанаты өзгөчө шаң менен өткөрүлдү.Салтанатка мектеп жамааты, ата-энелер, ардактуу коноктор жана окуучулар …

Суусамыр өрөөнүндөгү мыкты окуучулар стипендия алышты

Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү беш айылдын мектеп окуучулары окуу жылын жалаң «эң жакшы» жана «жакшы» баалар менен аяктаганы үчүн стипендия алышты.

Шаршемби
4 Жетинин айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...