Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ж.Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланууда. Бул тууралуу мектеп директору Анара Төлөбек кызы билдирди.

Анын айтымында, мектепте учурда 600гө жакын окуучу билим алат. Имарат 1988-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
«Учурда мектептин чатыры, эшик-терезелери жана полу толугу менен алмаштырылып, дубалдары менен сырткы бөлүгү заманбап үлгүдө жасалууда. Мындан тышкары, жарыктандыруу системасы жаңыртылды. Ошондой эле кичи футбол аянтчасынын тосмолору алынып келинип, жакын арада орнотулат», — деди Анара Төлөбек кызы.




Мектеп директору оңдоп-түзөө иштерине карабастан, жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемеси мүмкүн болушунча даяр болорун кошумчалады.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова