Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Ак-Талаа

Ак-Талаада «Жаратман мугалим – жаркын келечек» аттуу салтанат өттү

Ак-Талаа районунда агартуучулардын кесиптик майрамына карата «Жаратман мугалим – жаркын келечек» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага район акими М. Камчыбеков, анын орун басары К. Эсеналиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы …

«Мыкты үй-бүлө» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө Ташкент, Алматага жолдомо берилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылындагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө «Мыкты үй-бүлө» кароо-сынагы болуп өттү. Сынак үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу, улуттук каада-салттарды даңазалоо жана үй-бүлөлөрдүн чыгармачылык жөндөмүн колдоо максатында уюштурулду.

Ак-Талаада жумуртка өндүргөн ишкерлердин ишмердүүлүгү колдоого алынат

Ак-Талаа районунда жумуртка багытындагы тоок чарбасын өнүктүрүп жаткан жергиликтүү ишкерлердин саны артып, калкты сапаттуу жана ата мекендик азык-түлүк менен камсыз кылууга салым кошууда.

Ак-Талаададагы мектепте өрт кырсыгынан сактануу боюнча машыгуу өттү

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылындагы Т. Оторов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Ак-Талаанын Чолок-Кайында дамба куруу иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районундагы  Ала-Буга айыл аймагына караштуу  Чолок-Кайын айылынын түштүк тарабындагы Шырдакбектин сайы участкасында жээк эрозиясынын алдын алуу жана турак жайларды коргоо максатында дамба куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Акталаада «Өрнөктүү өмүр, бактылуу үй-бүлө» кечеси өттү

1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү тарабынан эмгек жолу, үй-бүлөлүк баалуулуктары жана коомдук турмуштагы активдүүлүгү менен жаштарга үлгү болгон 50 жаштан жогорку үй-бүлөлөрдү даңазалоо максатында …

Акталаадагы мектепте автордук бий кабинети ачылды

Ак-Талаа районундагы  Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде мектептин музыка мугалими, бий ийриминин жетекчиси, Эл агартуунун мыктысы, Баетов айылынын Ардактуу атуулу  Эльмира Абдрахманованын ысымын алып жүргөн автордук бий кабинети …

Акталаадагы кесиптик лицей жаңы окуу жылына 125 курсантты кабыл алды

Ак-Талаа райондук Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейи 2026-2027-окуу жылына 125 курсант кабыл алды.Аталган кесиптик лицейдин директору Ильичбек Жакшылык уулунун айтымында, 2026-2027-окуу жылына карата, 5 кесиптик тайпа боюнча жалпы 125 …

Акталаанын Кош-Дөбө айылында жаңы мечиттин курулушу жүрүп жатат

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен жаңы мечиттин курулушу жүрүп жатат. Белгилүү болгондой, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров Ак-Талаа районуна иш …

Акталаадагы мектепте капиталдык ондоп-түзөө иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ж.Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланууда. Бул тууралуу мектеп …

Айбек Касманбетов көчмөндөр оюндарында коло медаль тагынды

1–6-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну Айбек Касманбетов азербайжан күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын коргоп, коло медаль тагынды. Бул тууралуу Нарын облусунун …

«ДКО-2026»: Ак-Талаа району бир катар байгелүү болду

1-6-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ак-Талаа району бир катар байгелүү орундарды камсыздады. Атап айтканда, шамдагайлар сынагында Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын «Акмөөр» командасы  боз үйдү 8 минут …

Акталаалык балбан Камчы Төлөпалды уулу грэпплинг боюнча коло медаль жеңип алды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун грэпплинг түрү боюнча өткөн мелдеште Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынан барган балбан Камчы Төлөпалды уулу коло медалга ээ болду.

Ак-Талаалык балбан Айбек Касманбетов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коло медаль тагынды

1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну, балбан Айбек Касманбетов Азербайжан күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын коргоп, коло медалга ээ болду. Бул …

«Көчмөндөр оюндары – 2026»: улуттук оюндар жана көчмөн маданиятынын көркүн ачкан ирмемдер

Кыргызстандын маданиятын, каада-салтын жана улуттук оюндарын даңазалаган «Көчмөндөр оюндары – 2026» эл аралык спорттук иш-чарасындагы кызыктуу көз ирмемдер сүрөт баянга топтолду.

«Көчмөндөр оюну-2026»: Ак-Талаанын алгачкы ийгилиги

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүп жаткан мелдештердин биринде Ак-Талаа району Нарын облусунун атынан катышып, «Жашоо жарыш» үй-бүлөлүк сынагында I орунду ээледи. Аталган сынакка Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, райондук …

Акталаада Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн аянтында майрамдык салтанат өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага район жетекчилиги, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Ак-Талаада оруп-жыюу жана тоют камдоо маалында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Ак-Талаа районунда дан эгиндерин оруп-жыйноо жана тоют камдоо мезгилинде өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Суранбаевдин маалыматына ылайык, бөлүмдүн адистери тарабынан …

Акталаада педагогикалык кызматкерлердин август кеңешмеси өттү

25-августта Ак-Талаа районунда педагогодор «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы август педагогикалык кеңешмесине чогулушту. Ага район аймагындагы билим берүү тармагынын кызматкерлери, мектеп директорлору жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик …

«Атаке шашпачы»: Акталаада айдоочуларга жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Ак-Талаа районунда айдоочуларга  жол кыймылынын эрежелерин  сактоо  боюнча «Адам өмүрү баарынан кымбат» аталышында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Шейшемби
13 Тогуздун айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...