Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө КРнын Эл артисти, композитор Каныкей Эралиеванын 70 жылдык юбилейине карата отчеттук концерти өттү.
Бүгүн, Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында ыйык Курман айт майрамына карата айт намазы окулду. Майрамдык иш-чарага район тургундары менен катар дин кызматкерлери жана район жетекчилиги катышты.
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунда эмгектенип жаткан экинчи базанын жамааты айылдын ички көчөлөрүн оңдоого көмөк көрсөтүштү.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Акылзат Токтобекова «Мен Кыргызстандык экениме» сыймыктанам аттуу сынактын республикалык турунда 2-орунду жеңип алды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 1926-жылы негизделсе, Ак-Талаа райондук статистика бөлүмү 1939-жылдын ноябрь айында “Эл чарбасынын эсеп башкармасы” катары түзүлгөн. Ошондон тарта бөлүм райондогу мекеме-ишканалардын, колхоз-совхоздордун эсебин жүргүзүп, калкты жана …
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында Энелер күнү белгиленип, анда 48 энеге «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды. Ала-буга айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын маалыматына караганда, аталган айылда Энелер күнү менен …
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылдык ооруканасына долбоордун негизинде саркынды сууларды чогултуу жайы курулду.
Ак-Талаа районунда ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыт-тоют кызматы тарабынан жазгы пландуу эмдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө ири мүйүздүү бодо малдардын арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында бир …
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында жалпы наркы 205 млн 453 миң 668 сомго таза суу тартуу иштери башталды.
КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Касмалиев Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагындагы бир катар айыл чарба багытындагы жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) тууралуу токтомго …
Батма Бейшеева бардык убактысын кол өнөрчүлүккө арнаган айым. Өз айылына уз катары таанылган каарманыбыздын кол өнөрчүлүккө кандай эмгек тийиштүү болсо ошонун бардыгын жасоо колунан келет. Ак-Талаа районунун, Жерге-Тал айылынын тургуну.
Ак-Талаа районунун Баетов айылында таза суу үчүн траншея казылып жаткан учурда жер алдынан адам сөөгү табылды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя 16-май күнү болгон. Таза суу өткөрүү үчүн казуу иштери жүрүп …
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Алманбет Акматов ээлеген кызматынан бошотулду. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, Алманбет Акматов жүйөөлүү себептердин жана өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан алынган. Ал …
Бүгүн 18-май Эл аралык музейлер күнү. Мына ушуга байланыштуу Ак-Талаа райондук тарыхый этнографиялык музейинде «Музей — тарыхтын тирүү барагы» аталыштагы маданий иш чара белгиленип, ага район бийлигинин өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, …
Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Рыскелди уулу Туратбек атындагы спорт клубдун ADCC грепплинг күрөшү боюнча КРнын чемпионатына катышкан 11 балбандын сегизи байгелүү болушту.
Учурда Ак-Талаа району боюнча 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо жана кайра куруу иштери жүрүп жатат. Жылдык иш-пландын негизинде 460 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын жана 246 даана 10/0,4 …
Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү чоң көйгөйгө айланды. Абанын булганышы, токойлордун кыйылышы жана завод-фабрикалардан чыккан зыяндуу газдар Жер шарынын температурасынын жогорулашына себеп болууда. Мунун натыйжасында мөңгүлөр эрип, кургакчылык, сел …
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагында Нарын дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул иш-чара жээк эрозиясын алдын алуу жана кооптуу участокторду коргоо максатын көздөйт.
Ак-Талаа районундагы акыркы күндөрү жаагандан жаандан улам Куртка-Соң-Көл унаа жолундагы айрым жол тилкелерин кыян алып кеткен. Натыйжада тоодон суу менен агып түшкөн шагыл Молдо-Ашуусундагы жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук кылган.
11-майдан баштап Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо, Ала-Буга, Кара-Бүргөн , Баетов айыл өкмөттөрүндө болуп, эл менен жолукту. Дубан башчы менен бирге Нарын облусунун …