Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө КРнын Эл артисти, композитор Каныкей Эралиеванын 70 жылдык юбилейине карата отчеттук концерти өттү.


Концертти КРнын Эл артисти Султан Каримов баштаган белгилүү ырчылар коштоду.


Каныкей Эралиева өз сөзүндө толкундаганын жашырбай, 70 жылдык отчеттук турне концертин кичи мекенинен баштап жатканын, ал дайым күч-кубат, дем берип келерин белгиледи. «Өзүм өскөн, чуркап ойногон, чыгармачылыктын башаты болгон, алгачкы обондорум жаралган мекенимди ар дайым сагынам, ар дайым жүрөгүмдө»- деди.
Ал эми район акими Мирлан Камчыбеков композитордун чыгармачылык жолуна ийгилик каалап, «кыргыз музыкасынын кориферийи деп атоого татыктуусуз» деди.


Андан соң Баетов айылынын айыл өкмөт башчысы Арстан Акиев 70 жылдык юбилейи менен куттуктап, » Кыргыздын Пахмутовасы» деп атай алам. Сиздин керемет обондоруңуз, мукам үнүңүз менен чоңойдук. Ар бир адам үчүн анын туулган жери мисир жана элинин баасынан өткөн артык баа да, сыйлык да жок. Ак-Талаадан чыккан арген үндүү эжебизге сыйыбыз, урматыбыз чексиз. Сизге дагы да чыгармачылык дем, ийгилик каалайбыз»- деди.


Ошондой эле «Акмөөрдүн сиңдилери» элдик шайыр апалар тобу куттуктап, ыр белек тартуулашты.
Эске салсак, Кыргыз Республикасын эмгек сиңирген артисти (1988) Кыргыз Республикасынын Эл артисти(2009) наамдарыны ээси, композитор Каныкей Эралиева 1956-жылы Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн айылында туулган. Анын «Бала жыты»,»Акыркы коңгуроо»,»Бал кымыз» ырлары кеңири белгилүү.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова.