Бүтүрүүчүлөр тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа тартууланып, окуу жылында ар кандай жетишкендиктерге жетишкен окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге мактоо баракчалары менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эске салсак, быйыл мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө ар кандай көңүл ачуу иш-чараларын уюштурууга жана автоунаа айдап көчөгө чыгууга тыюу салынган.
Даярдаган: Айчолпон Бактыбековна