Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жаңы дайындалган башчысы-акими Улукбек Самаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга акимдин биринчи орун басары А.Т. Асанов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл тургундары жана активдер катышты.

Жыйында аймактагы эң курч жана чечилбей келген бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Таза суу, жол, мектеп жана жайыт көйгөйлөрү болду. Тургундар таза суу көйгөйү жыл сайын айтылып, бирок созулуп бүтпөй жатканына айтышты. Суу насосун күчөтүү жана көлдүн тартылышынан улам эски арыктарды тазалоо талабы коюлду. Мазар-Суу айылына кошумча электр мамычаларын (столба) орнотуу зарылчылыгы айтылды,

Аким быйыл жаңы опоралар берилерин жана жарык өчпөй турганын билдирди. Тоого кетүүчү жана жайытка мал айдап өтүүчү жолдордун абалы өтө начар экени, жайыттарды пайдаланууда талаш-тартыштар бар экени козголду. Айылда дарыгерлердин жетишсиздиги олуттуу көйгөй жаратууда.
Өзгөчө курч маселе катары Чоң-Арык айылындагы №13 Коргол атындагы мектептин абалы айтылды. Директордун айтымында, кышында электр энергиясын үнөмдөө максатында жылуулук системасы жакшы иштебей, мектеп ичи өтө суук болот.
Элдин суроолоруна жооп берип жатып, район башчысы У.О. Самаев: «Сиздер эң туура маселелерди көтөрүп жатасыздар. Бул көйгөйлөр бардык жерде бар. Маселелердин баары акырындык менен чечилет», — деп баса белгиледи. Жыйында ошондой эле бала бакча куруу жана жер тилкелеринин мамлекеттик актылары (Гос акт) боюнча да түшүндүрмөлөр берилди. Элдик жыйындан кийин район акими У.О. Самаев айтылган сөздөр менен гана чектелбестен, көйгөйлүү объекттерди жеринен барып көрдү. Ал Коргол атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жана Терек-Суу айылдык ооруканасынын учурдагы абалы, кышка карата даярдыгы жана имараттардын шарттары менен таанышты. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Даярдаган: Азема Сабырбекова