2026-жылдын 25-майында Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Данканай атындагы №15 жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Өчпөс ысым — өрнөктүү өмүр” аттуу жолугушуу кечеси болуп өттү.


Жолугушуунун негизги максаты — Данканай Эсенгелдиевдин өмүр жолу, эмгеги жана адамдык асыл сапаттары тууралуу кеңири маалымат берүү, ошондой эле анын өмүр таржымалын урпактарынын өз оозунан угуу болду.

Иш-чарага Данканай Эсенгелдиевдин урпактары: — Данканайева Гүлбархан Кыпчакбаевна, — Данканайев Болотбек Кыпчакбаевич, — Асылбекова Гүлбайра, — Асылбеков Акбар, — Апышов Мамыт, — Тотонова Динара Ыманазаровна, — Ашымбеков Кутболсун, — Аляскар кызы Айпери, — Сабиев Бейшеналы Сакенович катышып, мектеп жамааты, ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуу өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Данканай атанын урпактары мектепке белектерин тапшырып, окууда жана коомдук иштерде мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн окуучуларга дем берүү максатында акчалай сыйлыктарды ыйгарышты. Бул демөөрчүлүк сыйлыктын башкы демилгечиси — Данканай атанын небереси, ушул мектепти негиздеген Асылбек Данканаевдин кызы Гүлбайра Асылбекова болду.
Ал өз сөзүндө мектеп жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди:
“Ушул иш-чарага жана жалпы жамаатка абдан ыраазы болдум. Чоң атамдын атын өчүрбөй, көптөгөн ийгиликтерге жетип, окуучуларды олимпиадаларга алып барып, спорт чеберлерин чыгарып жатканыңыздарга таазим кылам. Мен биринчи жолу демөөрчү болуп келип отурам, алдыда бул колдоону дагы да улантуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына көмөк көрсөтүү максатым бар. Окуучуларга кеңешим — билим деңгээлин дайыма өйдө көтөрүп, жакшы окушсун. Анткени билим алуу бул «Ийне менен кудук казгандай». Билимдүү инсандар келечекте Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошот”, — деп баса белгиледи Гүлбайра Асылбекова.

Салтанаттын жүрүшүндө мектеп окуучулары келген конокторго Данканай Эсенгелдиевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу суроолорду беришип, кызыктуу маалыматтарды алышты жана туура жооптор үчүн баалуу китептер менен сыйланышты. Муну менен катар, Данканай атанын урпактары жакынкы арада ал кишинин жаркын элесине багышталган атайын китеп басылып чыга турганын сүйүнчүлөштү. Ошондой эле, Данканай Эсенгелдиевдин портреттик сүрөтү мектепке өзгөчө тарыхый белек катары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

“Өчпөс ысым — өрнөктүү өмүр” жолугушуу кечеси окуучуларга чоң тарбиялык таасир берип, улуу инсандардын өмүр жолун урматтоого, алардын өрнөктүү өмүрүнөн сабак алууга үндөдү. Иш-чара катышуучулардын эсинде терең таасир калтырып, муундар ортосундагы алтын көпүрөнү бекемдеген маанилүү окуя катары тарыхта калды.

Даярдаган: Азема Сабырбекова, Рыскүл Токтоназарова