Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Курманбекович Турусбек мектебинин жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда окуу жылынын жыйынтыгы, «Акыркы коңгуроо» аземин жогорку деңгээлде өткөрүү жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоо сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды.
Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Курманбекович, мектеп жамаатына каалоо-тилектерин билдирди. Ал эртең өтө турган салтанатты өзгөчө тартипте, ата-энелер менен биргеликте жана балдардын коопсуздугун толук сактоо менен өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи
Ошондой эле мектептин акыркы учурдагы жетишкендиктери жогору бааланып, Терек-Суу айыл өкмөтүндөгү билим берүү тармагында оң өзгөрүүлөр болуп жатканы айтылды. Мектептин ийгиликтери тууралуу жакшы пикирлер ортого салынып, келечекте заманбап мектеп курулса, мындан да чоң ийгиликтер жаралары белгиленди.
Жолугушууда бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышуусу да сөз болду. Мектеп жамааты окуучулардан алтын сертификаттарды жана жогорку көрсөткүчтөрдү күтүү менен чоң үмүт артып жатканын билдиришти.
Мындан сырткары, ата-энелер арасында мектеп китептери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Жаңы окуу китептери басмаканадан кандай сапатта чыкса, дал ошондой абалда мектептерге жеткирүү аракеттери көрүлүп жатканы маалымдалды.
Жыйындын соңунда Нурбек Курманбекович мугалимдерге окуу жылын ийгиликтүү жыйынтыктап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жайкы эс алууну жакшы өткөрүүнү, бекем ден соолук жана алдыдагы иштерине албан ийгиликтерди каалады.

Даярдаган: Азема Сабырбекова