Кыргызстандын бардык жалпы билим берүүчү мектептеринде психологдун кызмат орду киргизилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинети тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизди. Бул чечим окуучулардын психологиялык абалына көңүл буруп, аларга өз убагында колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Психологдун саны мектептеги окуучулардын санына жараша аныкталат:
275 окуучуга чейин болсо – 0,25 штаттык бирдик;
276дан 550гө чейин болсо – 0,5 штаттык бирдик;
551 жана андан көп окуучусу бар мектептерге – 1 штаттык бирдик бөлүнөт.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.