Ысык-Көлдүн жээгинде VIII Кыргызстан–Россия экономикалык форуму жана XII Кыргызстан–Россия аймактар аралык конференциясы өз ишин баштады. Масштабдуу иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ишкерлер, инвесторлор жана эксперттерден турган 1000ден ашуун конок катышууда.

Форумдун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасап, акыркы жылдардагы өлкөнүн экономикалык өсүшү жана Кыргызстан менен Россиянын ортосунда ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн экономикасы орточо 9 пайыздык өсүштү көрсөтүүдө. Негизги максат – жалпы наркы 5 миллиард АКШ долларын түзгөн долбоорлорду ишке ашыруу. Өнүктүрүү фондунун жана тартылган инвестициялардын эсебинен өлкөдө 100дөн ашык жаңы ишкана курулуп, заманбап технологияларды киргизүү пландалууда.

Ошондой эле форумдун алкагында өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, санариптештирүү, билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган 30дан ашуун маанилүү келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

Акылбек Жапаров дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөргө да токтолуп, эл аралык эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын ролу күчөп жатканын белгиледи. Анын мисалында, Россия менен Кытайдын ортосундагы сооданын 90 пайыздан ашыгы улуттук валюталар аркылуу жүргүзүлүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, ал Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында көп жылдан бери күтүлгөн стратегиялык мааниге ээ болгон Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлор ишке ашыруу баскычына өткөнүн баса белгиледи.
Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров заманбап дүйнөдө өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү убакытты натыйжалуу пайдаланууга жана туруктуу институционалдык системаларды түзүүгө көз каранды экенин белгиледи.

«XXI кылымда аймак же чийки зат эмес, институционалдык системалар атаандашат. Мамлекеттин эң башкы ресурсу – убакытты текке кетирбөө жөндөмү», – деди ал.
Даярдаган: Азема Сабырбекова